Кыргыз онлайн-долбоору Казакстанда өткөн «Медиа жана социалдык инновациялар лабораториясы» сынагында мыкты деп табылды. Долбоор балдар үйлөрүнүн таланттуу тарбиялануучуларынын билим алуусу үчүн каражат табууга жардам берет.

Кыргызстандан барган команда 16-майдан 18-майга чейин Казакстанда өткөн социалдык долбоорлордун «Медиа жана социалдык инновациялар лабораториясы» сынагында биринчи орун алды.

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын билим алуусуна каражат топтоо боюнча онлайн-долбоор Казакстан менен Тажикстандан барып катышкан тогуз командадан озуп, идеяны ишке ашыруу үчүн эки миң доллар утуп алды.

Идеянын авторлорунун бири Мария Колесникова Kloop.kgге курган маегинде команда балдар үйлөрүндө тарбияланган таланттуу балдардын профилдери көрсөтүлгөн краудфандингтик платформа-сайтын ишке киргизе тургандыгын айтты.

Анын айтымында, бул балдардын билим алуусуна каражат бөлүп берүүнү каалаган демөөрчүлөр менен донорлорду тартууга жардам берет.

«Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын көбү жогорку окуу жайларында окуунун материалдык жактан кыйын экендигинен улам жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ эмес. Ошондуктан биз алардын ийгиликтүү жашоосуна мүмкүнчүлүк берүүнү каалайбыз. Биздин максат — бул билимдүү бүтүрүүчү же балдар үйүнүн тарбиялануучусу», — деди ал.

Идеянын авторлорунун бири Жанара Рысалиева балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын «келечегине акча салуу» керек экендигине карабастан, көбүнчө аларга «бир гана жолку» жардам берилерин айтты.

«Негизинен адамдар бир гана жолу жардам беришет — кийим, тамак-аш алып барышат. Бирок ал аз. Балдар ал кийим менен тамакты келечекте өзүлөрү таба алгыдай кылуу керек. Алардын келечегине акча салуу керек», — деди Рысалиева.

Команда мүчөлөрүнүн айтымдарында, сайт июнда ишке киргизилет жана ал «байлар» үчүн гана эмес, а балдарга жардам берүүнү каалаган бардык адамдарга багытталат.

«Эгер ал балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү болуп жана анын кандайдыр бир кесиптин ээси болуусуна белгилүү бир сумма керек болсо, анда ал сайтта көрсөтүлөт. Окуусунун контрагын төлөп берүү үчүн каалаган адам ал баланын эсебине акча которуп бере алат», — деп билдиришти алар.

Учурда команда сайтты иштеп чыгуунун үстүндө эмгектенип, Бишкектеги балдар үйлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Автор: Александра Титова
Видео: Александра Ли