Парламент «гей-пропаганда» жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда кайра карайт. Мындай чечимди укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети кабыл алды.

Депутаттар документтин текстин өзгөртүүнү сунуштагандыгынан улам укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитет «гей-пропаганда» жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгуу чечимин кабыл алды.

«Аны көңүл бурууну талап кылган бир жактуу эмес маселе деп эсептейм. Азыркы чакырылыштын депутаттары коом үчүн маанилүү болгон бул мыйзам долбоорун талкуулоого катышсын деп [мыйзамды экинчи окууга кайтаруу сунушталды]», — деди комитет төрагасы Жаныбек Бакчиев.

Парламенттин регламентине ылайык, мыйзам долбоору кайра иштеп чыгуу үчүн жооптуу комитетке жөнөтүлөт. Өз кезегинде ал жети күндүн ичинде маселени жыйынга алып чыгышы керек болот.

Азырынча анда кандай өзгөртүүлөр жөнүндө кеп болуп жатканы белгисиз.

Кылмыш кодексине «гей-пропаганда» жөнүндөгү мыйзам долбоору деген аталыш менен белгилүү болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү V чакырылыштын депутаттары тарабынан 2014-жылдын жазында демилгеленген. Анда «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу» сунушталган.

Мыйзам долбооруна ылайык, эгер «салттуу эмес мамилелерге» карата жакшы пикир балдардын арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда жазанын катаалдыгы бир жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жетиши мүмкүн.

Мыйзамдын авторлору дээрлик бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» терминине аныктама бере алышкан эмес жана 2015-жылдын февралында гана алар документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алар жогорудагы терминди «бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашка баруусу жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштар» деп түшүнүшөт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Мыйзам долбоору эл аралык уюмдар менен башка өлкөлөрдүн сын-пикирлерин жараткан. Европалык парламенттин депутаттары ушул жылдын 15-январында кыргыз парламентарийлерин мыйзам долбоорун чакырып алууга чакырышкан, бирок документтин демилгечилери андан баш тартышкан.

Автор: Азамат Каработоев
Видео: Азат Рузиев