Деталдуу курулуш пландарына карабастан Бишкектин 8-кичи районундагы бала бакчанын ордунда эки көп кабаттуу үй жана бир кафе пайда болгон.

Сүйөркулов көчөсүндөгү бала бакчанын курулушу 1993-жылы дээрлик аяктаган. Бишкектин 8-кичи районунун мурдатан бери жашап келе жаткан тургундары бала бакчаны жашылдандырып коюу иши гана калганын жана ал аткарылганда бакча даяр болмоктугун эскеришти.

«Бала бакча куралы деп аны курганбыз. Дубалдарын тургузуп, чатырын жапканбыз. Биз анын баарына күбөбүз. Кичине гана курулуш иштери калган. Бирок ал жерде бала бакчасы болушу керек болчу», — дейт жергиликтүү тургун Лидия Колесникова.

1993-жылы дээрлик курулуп бүткөн бала бакча имараты «Ак-Тилек» ишканасы тарабынан менчиктештирилген.

Мөөнөтсүз пайдалануу укугун берген актыга ылайык, курулуш иштери аягына чейин бүткөрүлүп, бала бакчанын имараты пайдаланууга берилгенге чейин ал башка уюмдарга сатылбашы керек болгон.

Бирок бир жылдан кийин ал тилке «140 орундуу бала бакча имараты» катары «Курс» ишканасына сатылган. А 1996-жылкы кийинки сатууда имараттын мамкаттоонун документтериндеги профили «аягына чейин бүткөрүлө элек административдик корпус» деп өзгөртүлгөн.

«Биздин укук» коомдук фондунун юристи Болот Өмүралиев объектинин профили мамкаттоо кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянат пайдалануу ыктымалдыктарынан улам өзгөртүлгөн деп эсептейт.

Объектинин профилинин өзгөртүлүшү кезектеги ээсине 2011-жылы бала бакча имаратын түрттүрүп салууга мүмкүндүк берген.

2015-жылдан бери жер тилкесинде «Аль-Манар» ЖЧКсы тарабынан курулган кафе жана эки көп кабаттуу үй пайда болгон. Соттук териштирүүлөрдүн башталышы менен 2015-жылдын августунда компания жоюлуп кеткен.

Kloop.kgнин редакциясы «Аль-Манардын» өкүлдөрү менен байланышууга аракет кылды, бирок материал жарыяланып жаткан маалга карата алар жеткиликсиз болушту.

«Биздин укук» коомдук фондунун төрайымы Калича Умуралиева прокуратура объект пайдаланууга берилбеши керектиги боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына эскерткенин айтты.

«Бирок алар алдын ала эскертилгенине карабастан аны пайдаланууга беришкен. Азыр ал жакта адамдар жашап жатышат. Эмне кылуу керек? Биринчи — бул прокурордук актыны аткарбаган чиновниктерди жазалоо керек», — деди ал.

Айтымында, курулуш компаниясы объектилердин нормаларды бузуу менен пайдаланууга берилишинен улам келтирилген чыгымдардын ордуларын толтуруп бериши керек.

«Алар эми бала бакчанын курулушу үчүн деп шаардын бюджетине акча төлөп беришсин», — дейт Умуралиева.

Юрист Майрамбек Жумакалиев 1990-жылдардын башында Бишкектеги бала бакчалардын көбү менчиктештирилип кеткенин айтат. Бирок президенттин 1992чи жана 1995-жылдардагы жарлыктары менен андай жайлардын профилдерин өзгөртпөө керектиги айтылган өзгөчө шарттар так көрсөтүлгөн. Эгер өзгөртүлө турган болсо объект мамлекетке кайтарылып берилиши керек болчу.

Беш бала бакчанын экөөсү иштеп жатат

Сүйөркулов көчөсүндөгү бала бакча — Бишкектин 8-кичи районунда курулушу керек болгон беш бала бакчанын бири.

Бирок иш жүзүндө учурда алардын экөөсү гана иштеп жатат — №142 муниципалдык бала бакчасы жана «Келечек» жеке билим берүү борбору.

Дагы бир объектини Бишкек мэриясы «Светлый путь» кайрымдуулук фондуна берген. Анда жетим балдар үчүн баш калка жай уюштурулган.

Деталдуу долбоорлоо картасы боюнча төртүнчү объект дагы деле курула элек. Бирок 2009-жылы ал тилкени көп кабаттуу үйдүн курулушу үчүн басып алуу аракети болгон.

Турак үй ээлеринин шериктештигинин төрагасы Автандил Жоробеков тилкени көп кабаттуу үйдүн курулушунан коргогон.

«Он эки кабаттуу үй курууну каалашкан. А биздин трансформаторубуз жалпы, мына бул жакта турат. Алардын шаардык суу чарба башкармалыгынан, шаардык газ кызматынан, сейсмология институтунан жана мамлекеттик каттоо кызматынан уруксаттары болгон эмес», — деп эскерди ал.

Kloop.kgнин кабарчылары бүгүнкү күндө баланы бала бакчага киргизүүнүн канчалык кыйын экендиги боюнча жергиликтүү жашоочулар арасында сурамжылоо жүргүздү.

Лариса Булатецкая бир күн бою эки небересин багат. Анын айтымында, алар жакын жерде бала бакча жок болгондуктан улам үйдө отурушат.

«Анткени бара турган бала бакча жок. Бала бакчалардын бардыгын тең алып алышты, бузушту, башка нерселерди куруп салышты», — деп нааразы болду ал.

Бишкектин жашоочусу Айжан Табалдиева кезек күтүү менен баласын бакчага киргизүүгө мүмкүн эмес экенин айтып даттанды.

«Биз балабызды жеке бала бакчага берүүгө аргасыз болот окшойбуз», — деди ал.