28-майда Бишкекте заманбап балет кечеси болуп өттү. Опера жана балет театрынын 40ка жакын артисти көрүүчүлөрдүн назарына үч пьесаны тартуулашты. Аларды даярдоого Швейцария менен АКШдан хореографтар чакырылган.

28-майда Бишкектеги Опера жана балет театрынын артисттери АКШ, Швейцария жана Кыргызстандын хореографтары тарабынан даярдалып коюлган үч пьесаны көрсөтүштү.

«Подвижные корни», «Люди и звери» жана «Совершеннолетие» деген аталыштагы пьесалар көрүүчүлөргө заманбап балет кечесинде тартууланды.

IMG_7714

IMG_7731

IMG_7733

Балет артисттери ал кечте бийлер аркылуу көрүүчүлөргө адамдар, жашоолор жана адамдар ортосундагы өз ара байланыштар тууралуу окуяларды көрсөтүштү. Пьесалар сүйүү, ыраазычылык жана көңүл коштук темаларында болду.

IMG_7741

IMG_7777

IMG_8031

Көрүүчү Айсулуу Корпобаева бийлер коомдун көйгөйлөрүн көрсөтүүнү каалаган авторлордун идеясын бере алды деп эсептейт.

«Мага жаңы бир нерсени көрүү жакты. Пьеса аркылуу биздин бир эле чөйрөдө айланып жүргөндүгүбүз, биздин башкалардай болууга аракет кыла тургандыгыбыз жана биздин ал коомдук чөйрөдөн өтүүбүздүн абдан оор экендиги берилди», — деди ал «Люди и звери» пьесасы жөнүндө айтып.

Көрүүчүлөрдүн бири Любовь Кириллова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде ал көбүнчө классикалык балетке ыктап, заманбап балетке скептикалык көз карашта экенин айтты. Бирок анын пикиринде, кече өз максатына жетти.

«Менин жан дүйнөмө көбүнчө кылымдардан бери коюлуп келе жаткан классикалык балет жакын, ошого ыктайм. Бирок заманбап балетте маани көп жана алар кыймылдары аркылуу окуяны толук чагылдырып берип жатканы укмуштуудай болду», — деди ал.

Кечени уюштурган «ProArt» коомдук фондунун өкүлдөрүнүн айтымдарында, жалпысынан пьесаларга Опера жана балет театрынын 40ка жакын артисти катышты.

IMG_8058

Видео: Даниил Ляпичев
Сүрөт: Уулжан Саякбаева