Ырчы Айым Айылчиева футбол боюнча Кыргызстан курамасынын мындан аркы ар бир беттешинде жаңырып тура турган «Сүрөөн» деген аталыштагы жаңы ыр жаздырды.

Кыргыз ырчысы Айым Айылчиеванын «Сүрөөн» деген аталыштагы ыры футбол боюнча Кыргызстан курамасынын расмий гимни болуп калды. Акын Кыялбек Урманбетов менен композитор Эрнест Жоошевдин калемдерине таандык ырдын расмий бет ачары 27-майда болду.

Айылчиеванын айтымында, мындан ары ыр кыргызстандыктарды өз курамасына күйөрмандык кылууга чакыруу үчүн Кыргызстан командасынын бардык беттештеринде жаңырып турат.

Ырчы Kloop.kgге курган маегинде ырдын клиби Кыргызстандын футбол федерациясы менен биргеликте тартылганын айтты. Ага футбол боюнча өлкөнүн эркектер жана кыз-келиндер курамасынын оюнчулары катышышкан.

Ырчы ал үчүн Кыргызстанда гана эмес, а башка өлкөлөрдө да жаңыра турган гимнди аткаруу «чоң сыймык» экенин айтты.   

«Бул абдан жагымдуу. Мен үчүн бул өтө чоң сыймык, болгондо да ушундай масштабда экендиги. Бул клип бизде гана эмес, а башка өлкөлөрдө да коюлат деген үмүттөмүн», — деди Айылчиева.

Клипти аткаруучунун YouTube сервисиндеги расмий каналынан көрүүгө болот.

Кыргызстан курамасынын катышуусундагы жакынкы беттеш 7-июнда Тегеранда болот — анда кыргыз футболчулары Иран курамасына каршы ойношот.