Кыргызстандагы алгачкы ачык дрифт-машыгуусу 29-майда Токмокто болду.

«Дрифт Мацури» деген аталыштагы спорттук иш-чара 29-майда Токмоктогу учактардын учуп-конуу тилкесинде болуп өттү. Бул Кыргызстандагы мындай машыгуулардын алгачкысы.

1-IMG_0464 copy

1-IMG_0451 copy

Дрифт — бул автоунааны жолдун имерилиштеринен башкара билүү техникасы. Дрифт 60-жылдары Жапонияда пайда болгон, ал имерилиштерде автоунаанын арткы бөлүгүнүн аласалуусун башкарып, аны кооз көрсөтүүгө багытталган.

1-IMG_0426 copy

1-IMG_0386 copy

Иш-чаранын уюштуруучусу Виталий Батяйкин Kloop.kgге «Дрифт Мацури» ар бир адамга өз тажрыбайсын көрсөтүп, аны дрифте пайдаланып, бекемдеп алуу мүмкүндүгүн бере турганын айтты.

«Иш-чара мелдештердин форматында эмес, ал көбүрөөк таанышууга багытталган форматта», — деди ал.

1-IMG_0345 copy

1-IMG_0334 copy

Батяйкиндин айтымында, машыгууга отуз айдоочу каттоодон өткөн. Ал бул иш-чаранын жыйынтыгы менен уюштуруучулар толук кандуу мелдештерди өткөрүү-өткөрбөө боюнча чечим чыгара тургандыктарын кошумчалады.

1-IMG_0316 copy

1-IMG_0282 copy

1-IMG_0202 copy