Оштун жашоочусу өзүнүн 66 жылдыгын белгилөө жана уулунун үйлөнүү тоюн өткөрүүгө 1 млн. сом бөлүп берүү өтүнүчү менен мэрияга кайрылды. Мэр анын өтүнүчүн аткаруудан баш тартты.

2-июнда «Азаттык» радиосу Оштун тургуну Махмуратхан Турдуева жергиликтүү бийликтин 1 млн. сом бөлүп берүүсүн өтүнүп, мэриянын дарегине кайрылуу жолдогонун билдирди.

Айтымында, акчаны ал үй-бүлөлүк майрамдарга арналган тойлорго жумшайт.

«66 жылдыгым менен уулумдун үйлөнүү тоюн маданияттуу жана тарыхый кылып өткөрүү үчүн кайтарымсыз негизде 1 миллон сом бөлүп берүүңүздөрдү өтүнөм. Тойлорду 2016-жылдын 10-октябрында өткөрүүнү пландап жатабыз», — деп жазган Турдуева өз кайрылуусунда.

Ош мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери Kloop.kgге аларга кайрылуу жолдогон шаар тургуну экинчи топтогу майып экенин жана ооруканада лаборант болуп иштей турганын айтты.

«Турдуеванын кайрылуусунан кийин кызматкерлер жашоо-шартын карап чыгышып, анын орто чарбага ээ экенин аныкташты. Анын эки баласы бар жана алар үч бөлмөлүү үйдө жашашат», — деди ал.

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин өзү «Спутник» агенттигине курган маегинде мэрия «анын өтүнүчүн аткара албайт болушу керектигин» билдирген.

Калаа башчысынын айтымында, ал азырынча анын кайрылуусун көрө элек. Мэр бюджетте жарандарга берүү үчүн акча каралбаганын кошумчалаган.

«Эгер ал бюджет бекигенге чейин кайрылса, биз анын өтүнүчүн шаардык кеңештин кароосуна жөнөтмөкпүз. Ал өтүнүчтү аткара албайт болушубуз керек», — деген Кадырбаев.

Ал шаар тургунуна өз акчасынан бөлүп берээр-бербеси боюнча узатылган суроого так жооп берген эмес, бирок «маселени карап көрмөктүгүн» кошумчалаган.