Орусиянын «Газпром» компаниясы Кыргызстандын газ транспорттоо системасын өнүктүрүү үчүн өлкө бийлигине 103 млрд сом (1,5 млрд АКШ доллары) бөлөт.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 6-июнда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитинде «Газпром» мунай-газ алпы Кыргызстанды газдаштырууга 100 млрд рубль (103 млрд сом же 1,5 млрд АКШ долларын) бөлө тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, инвестиция көлөмүнүн үчтөн бири Кыргызстанга жакынкы эки жыл ичинде, а калгандары — 2030-жылга чейин берилет.

«Биз бул маселелерди көпкө талкууладык жана акыры макулдашууга келдик — республиканын жаратылыш газын керектөөсүн өнүктүрүү боюнча кыйла олуттуу пландар белгиленди. «Газпром» иштеп жатат жана газ транспорттоо, газ бөлүштүрүү тармагына инвестиция салуу пландары бар», — деп жазды «Интерфакс» басылмасы Медведевдин айткандарын.

Кыргыз премьер-министри Сооронбай Жэээнбеков инвестициялардын агымы орусиялык инвесторлор тараптан «жогорку ишенимдин» бар экендиги жөнүндө айтып турарын билдирди.

«Кыргызстандын аймагына газ жеткирүү маселесинин «Газпром» менен тыгыз кызматташтыкта чечилгенин канааттануу менен белгилейм. Биз бардык белгиленген пландар менен макулдашуулар, анын ичинде Кыргызстандын газ транспорттоо системасын өнүктүрүү жана модерназациялоо боюнча макулдашуулар мындан ары ийгиликтүү ишке ашырылат деген үмүттөбүз», — деди ал.

Экономист Искендер Шаршеев Kloop.kgге курган маегинде «Газпром» буга чейин да тармактын өнүгүүсү үчүн каражат бөлүүнү убадалагандыгын, бирок азыркыга чейин «эч нерсе жасалбагандыгын» билдирди.

«2014-жылы дээрлик ушундай эле убадалар айтылган. 2013-жылдын аягында «Кыргызгазды» бир долларга сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн жана алардын жүрүшүндө ал сумманын инвестиция кылына тургандыгы айтылган. Мына, эми азыр ошол убадалар кайталанып жатат. «Кыргызгаз» «Газпромдун» менчигине өткөндөн бери эч нерсе жасала элек», — деди ал.

«Газпром» — газ менен мунай өндүрүү, ташуу жана сатуу менен алектенген энергетикалык компания. Ал Орусиядагы ири мунай өндүрүүчүлөрүнүн алдыңкы төрттүгүнө кирет.

Мунай-газ алпы Орусиянын аймагындагы ишканаларга, ошондой эле 2014-жылы сатып алган Кыргызстандын газ транспорт системасына ээлик кылат.

Кыргызстандын бийлиги беш жылдын ичинде 20 млрд рублдик инвестиция салуу жана «Кыргызгаздын» 4,1 млрд сомдук карызын төлөп бүткөрүү шарты менен ишкананы «Газпромго» бир АКШ долларына саткан. Анда оппозициялык партиялар «Кыргызгаздын» сатылышына каршы болушуп, өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.