Жакында эле ички иштер министри кызматынан кеткен Мелис Турганбаев акыркы төрт жылдан бери Болгарияда бизнеске ээлик кылат, ал Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Kloop.kg изилдеп жаткан Болгариянын юридикалык жактарынын реестринен белгилүү болду.

Emir-KG деген аталыштагы компания мурда СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн туристтеринин арасында популярдуу болгон Болгариянын Варна курорттук шаарында каттоодон өткөн.

Varna-1

Ан компанияны Кыргызстан менен шарттуу кыскартылган KG белгиси гана байланыштырбайт — анын түзүүчүсү жана ээлеринин бири болуп майдын аягына чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлигин жетектеген Мелис Турганбаев эсептелет.

Уставдык капиталы 100 болгар левин (50 евро, 3800 сом) түзгөн компанияны Турганбаев 2012-жылы, Кыргызстандын Эльвира Усманова аттуу дагы бир жараны менен биргеликте каттоодон өткөргөн. Ал кезде ал Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары болуп турган.

Emir-Kg-Docs-10-1068x705

Турганбаевдин ал аракеттери 11-беренеси мамлекеттик кызматкердин ишкердик менен алектенүүсүнө тыюу салган Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамын бузушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине ылайык, ишкердик катары киреше табууга багытталган ишмердүүлүк эсептелет.

Турганбаевдин болгариялык компанияга ээлик кыла тургандыгы жөнүндө Kloop.kgнин журналисттери изилдеп жаткан Болгариянын ачык жеткиликтүү болгон юридикалык жактарынын реестринен белгилүү болду.

Ал реестрге ылайык, Болгарияда бизнеске жана кыймылсыз мүлккө Кыргызстандын кеминде 70 жараны ээлик кылат, алардын арасында мурдагы мамлекеттик кызматкерлер менен парламент депутаттары да жок эмес. Турганбаев отставкага кеткенге чейин алардын эң жогорку кызматтагысы болуп эсептелген.

Мелис Турганбаев, Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри
Мелис Турганбаев, Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри

Уюмдаштыруу документтери боюнча, Emir-KG курулуш, автоунааларды сатуу, жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташуу, мейманкана жана ресторан бизнестери, брокердик кызматтар, жарнама жана туристтик бизнестер менен алектенет.

Бирок Kloop.kgнин редакциясы ээ болгон 2013-жылга карата жазылган каржы отчетторуна ылайык, мурдагы министрдин компаниясы мүлктөргө ээ эмес жана экономикалык активдүүлүк жүргүзгөн эмес.

Турганбаев менен Усманова 50-50 пайыздан бирдей үлүшкө ээ жана Болгариянын юстиция министрлигиндеги уюмдаштыруу документтерине ылайык, алар Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү бир эле дарек боюнча катталышкан.

Emir-Kg-Docs-11-1068x763

Болгариялык компанияга ички иштер министрлигин жетектеп кеткен Мелис Турганбаевдин ээлик кыла тургандыгы шек туудурбайт — уюмдаштыруу документтеринде көрсөтүлгөн атасынын аты, туулган датасы жана кол тамгасы аныкы менен дал келет.

Бирок мурдагы министрдин өзү болгар бизнесине кандайдыр бир тиешеси бар экендигин танууда. Турганбаев Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде анын «андай фирмасы жок» экенин айтты.

Ал ошондой эле Эльвира Усманованы тааный турганын четке кагууда.

Либералдык мыйзамдар, салыктардын төмөндүгү, саясий жана экономикалык туруктуулук, ошондой эле Евробиримдиктеги мүчөлүгү (2007-жылдан бери) Болгарияны чет өлкөлүк ишкерлерди өзүнө тарткан эң кызыктуу жерлердин бири кылып койгон. Экономикасына 512 миң евро инвестиция салган учурда чет өлкөлүк ишкер анда дайыма жашап туруу укугун, а бир жылдан кийин — (дагы 512 миң акча салуу шарты менен) жарандык да ала алат.

Болгарияда фирма каттоодон өткөрүү бизнес жүргүзүүгө гана эмес, а сатууга өлкөнүн жарандарына гана уруксат берилген кыймылсыз мүлктөр менен жерлерди да эркин сатып алуу мүмкүндүгүн берет.

Болгария — Европада турак-жай сатып алуу үчүн эң популярдуу болгон өлкөлөрдүн бири. Ага турак-жайларга болгон төмөнкү баалар менен катар мыйзамдарынын лоялдуулугу шарт түзөт — чет өлкөлүктөр Болгарияда кыймылсыз мүлктү эркин эле сатып ала алышат.

2011-жылы өлкө кыймылсыз мүлккө карата чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү боюнча 7-орунду ээлеген — 2008-жылдагы экономикалык каатчылыктан кийин өлкөдө турак-жайга болгон баалар кескин төмөндөп, көптөгөн сатып алуучуларды (өзгөчө мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдөн) өзүнө тарткан.

varna-1

Турганбаевдин Кыргызстандын жогорку кызматтарындагы карьерасы 2010-жылдын майында, министрдин орун басары болуп дайындалгандан кийин башталган. 2012-жылдан бери ал Бишкек милициясын башкарган. Анын андагы иши оппозиция өкүлдөрүнүн тынчтык акциялары үчүн кармалышы менен көбүрөөк белгиленди.

2013-жылдын сентябрында Турганбаевдин аты милиция кызматкерлеринин куугунунан качкандыгы менен белгилүү болгон бишкектик Назгүл Чодроновага байланышкан ызы-чуудан улам айтыла баштаган. Чодронова анда милиционерлерди «Мелис байке» менен тааныш экенин айтып коркуткан.

2014-жылдын сентябрынан 2016-жылдын май айына чейин Турганбаев Кыргызстан ИИМинин башчысы кызматын ээлеп турган. 2015-жылдын октябрында анын жетекчилиги алдында ИИМ тергөө абагынан качкан «экстремисттерди» колго түшүрүү операциясын өткөргөн.

Турганбаевдин 2014-жыл үчүн толтурган кирешелери тууралуу декларациясында мурдагы министрдин 528 миң сом айлык алгандыгы жана мал сатуудан түшкөн 2 млн 850 миң сом киреше алганы көрсөтүлгөн.

Ал кезде министр болуп турган Турганбаев декларацияда Болгарияда компаниясынын бар экенин көрсөткөн эмес. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга ылайык, чиновниктер өзүлөрүнүн бардык баалуу мүлктөрүн декларацияда көрсөтүүгө милдеттүү.

Коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамы боюнча, уюмдун капиталдарында үлүштөргө ээ болгон чиновник аларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү. Милиция кызматкерлерине ишкердик ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат.

Kloop.kgнин кабарчысы чиновниктин аты-жөнүн айтпастан ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевге кайрылып, мекеме кызматкерлеринин бизнес менен алектенгени белгилүү болгон учурларда аларды кандай жазалай тургандыгы жөнүндө суроо узатты.

«Ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзам боюнча, кызматкердин ишкердик ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынат. Жазалоо маселесин жетекчилик чечет. Бир канча варианты болушу мүмкүн. Тартип жоопкерчигинен тарта кыйла катаал чараларга чейин», — деди ал.

Урматтуу окурмандар, эгер силерге Турганбаевдин же башка чиновниктердин Кыргызстандын сыртындагы бизнестери тууралуу дагы кандайдыр бир маалыматтар белгилүү болсо eldiyar@kloop.kg дареги боюнча биз менен байланышууңарды өтүнөбүз.

А эгер силер иликтөөгө биз менен бирге катышууну кааласаңар, анда ky.kloop.kg баракчасынын башкы бетинин оң бурчундагы форма аркылуу өз темаңарды жөнөткүлө.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Хлоя Гейне