Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин Болгариядагы компаниясы жөнүндөгү макала окурмандарыбыздыр арасында көптөгөн талкууларды жаратты. Алардын көбү мурдагы министрдин коомчулуктан жашырып жүргөн нерсесин ачыкка чыгаргандыгыбыз үчүн бизди мактаган пикирлерин жазышты. Бирок окурмандар арасында эмне себептен биз кыргыз чиновниктеринин дал Болгариядагы бизнестерин издегендигибизди сурагандар да болду.

Колонканын автору: Эльдияр Арыкбаев, Kloop.kgнин башкы редактору.
Колонканын автору: Эльдияр Арыкбаев, Kloop.kgнин башкы редактору.

Мисалга Тима Кенжебаев аттуу колдонуучу төмөндөгүдөй деп жазган: «Башкасы кызык: журналисттердин мындай маалыматка кантип ээ болгондуктары. Буйрутма экендиги билинип турат». (Буга окшогон «буйрутма» тууралуу пикирлер кыйла көп, бирок фэйсбук-боттор жана троллдор тууралуу теманы башка материал үчүн калтырабыз.)

Иликтөөнүн өзүндө биз Болгариянын юридикалык жактарынын реестрин карап чыкканыбызды жана андан министрдики менен бирге дагы бир нече чиновниктин компаниясын тапканыбызды жазганбыз. Чыныда ушундай болгон.

Бирок чиновниктердин компанияларын дал ошол өлкөдө издөөгө эмне себеп болду?

Ушул жылдын майында Болгариянын иликтөөлөр менен алектенген «Бивол» деген маалыматтык порталы өлкөнүн юридикалык жактарынын базасы боюнча ыңгайлуу издөө системасын түзгөн.

Аны менен http://tr.bivol.bg/ шилтемеси аркылуу таанышсаңар болот.

Биздин иликтөөлөр менен алектенген редакторлорубуздун бири тааныш болгар журналисттеринен ал сервистин шилтемесин алган. Андан соң ал Болгарияда бизнеске ээлик кылган кыргызстандыктарды издеп баштаган.

Сайт компаниянын аталышы же адамдын аты-жөнү боюнча гана эмес, а алардын жарандыгы боюнча да издөөгө ылайыкташылган.

Биз издөө сабына “Kyrgyzstan” деп жазып, Болгарияда бизнеске ээлик кылган 80ден ашык кыргызстандыктын тизмесине ээ болдук. Алардын баары тең эле чиновниктер эмес, көбү бизнеске ээлик кылат, бирок мамлекеттик кызматкерлер эмес.

«Kyrgyzstan» сөзүн жазып издегендеги жыйынтык. «Бивол» сайтынан алынган скриншот.
«Kyrgyzstan» сөзүн жазып издегендеги жыйынтык. «Бивол» сайтынан алынган скриншот.

Бирок Kloop.kgнин редакциясы ал тизмедеги адамдардын арасынан кайсыл бир кездерде мамлекеттик кызматтарда иштеген жана кыргыз мыйзамдарына ылайык, чиновник болуп туруп ишкердик ишмердүүлүк менен алектенбеши керек болгон адамдарды издеп көрүүнү чечкен.

Жыйынтыгында ал тизмедегилердин эң жогорку кызматтагысы мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев болуп чыккан.

Кыргыз чиновниктерин башка өлкөлөрдөн кантип издөөгө болот?

Өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө каалаган адам үчүн ачык болгон юридикалык жактар менен кыймылсыз мүлктөрдүн мамлекеттик реестрлери бар. Алардан компаниялар жана алардын ээлери жөнүндөгү маалыматтарды табууга болот.

Төмөндө силер же каалаган журналист пайдалана ала турган реестрлердин тизмеси.

Мына, 80ден ашык өлкөнүн юридикалык жактарынын реестерине болгон шилтемелерди камтыган маалыматтардын ачыктуулугунун глобалдуу индекси: http://index.okfn.org/dataset/companies/

Дагы түрдүү өлкөлөрдөгү компанияларды аталышы жана уюштуруучулары боюнча издөөгө мүмкүн болгон OpenCorporates деген сонун сервис бар: https://opencorporates.com

Түркиянын реестри: http://www.ito.org.tr/wps/portal

Улуу Британиянын реестри: https://beta.companieshouse.gov.uk/

Швейцариянын реестри: http://www.moneyhouse.ch/en

Кипрдин реестри: https://efiling.drcor.mcit.gov.cy/drcorpublic/\

Анда эмнелерди табууга болот?

Мисалы, Кипрдин реестринен Максим Бакиевдин компаниясын табууга болот:https://efiling.drcor.mcit.gov.cy/DrcorPublic/SearchResults.aspx?name=%25&number=178251&searchtype=optStartMatch&index=1&lang=EN&tname=%25&sc=1&cultureInfo=en-AU

maksim-bakiev-1

Туңгуч президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев Черногорияда компанияга ээлик кылат: https://opencorporates.com/officers/59939671

Бермет Акаева 2000-жылдардын башында Швейцариядагы компанияга ээлик кылчу:http://www.moneyhouse.ch/en/pp/bermet-akaeva

bermet-akaeva-1

Башка өлкөлөрдүн реестрлеринин адамдарды издөө өзгөчө деле жөндөмдүүлүктөрдү талап кылбайт — болгону базалык англис тилин билүү жана издөө системасынын кандай иштей турганын билүү гана жетиштүү.

Урматтуу окурмандар жана башка басылмалардын журналисттери, силер бул ресурстардын бардыгы менен пайдалана аласыңар. Kloop.kg ал сервистерге эксклюзивдүү жетүү мүмкүндүгүнө ээ эмес, аларга дүйнөдөгү бардык адамдар жете алышат.

Бул маалыматтар таптакыр ачык жана жеткиликтүү (ал сайттардагы кыйла деталдуу маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн берген айрым акы төлөнчү кызматтардан башкасы).

Иликтөөгө кошулгула. Бул биздин кесиптеги эң башкы нерселердин бири эмеспи.

Башкы сүрөттө Болгариянын Варна шаарынын көрүнүшү