Кенжеев Риодогу Олимпиадага жолдомону кайра алуу аракетинде

Бразилиядагы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алып, кийин кайра мельдоний колдонду делип лицензиясы алынган грек-рим күрөшчүсү Жанарбек Кенжеев бүгүн коомчулукка билдирүү таратты. Ал кайрадан текшерүүдөн өтүп, Олимпиада оюндарына баруу үчүн лицензиясын кайтарып алуу аракетин көрүүдө.

Грек-рим күрөшү боюнча 85 килограммга чейинки салмакта Олимпиада лицензиясына ээ болгон балбан Жанарбек Кенжеев буга чейин мельдоний колдонуп келгенин мойнуна алып, бирок акыркы жолу мындай каражатты 2014-жылы пайдаланганын айтты.

Буга чейин балбанга дүйнөлүк допингге каршы агенттиктен кат келип, анда Кенжеевдин канынан мельдоний табылганы кабарланган.

“20 күн ичинде биз кайрадан анализдеп, мелдонийдин жок, же бар экенин далилдеп билүүбүзгө болмок. Бирок биз бул укукту билбей калганыбыздан улам мындай окуяга туш болдук”, — деп айтты Кенжеев.

Спортчунун адвокаты кайрадан анализ тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берүүсүн өтүнүп аталган агенттикке кайрылаарын жана Олимпиада оюндарына катышуу лицензиясын алуу аракети жүрөөрүн белгиледи.

Кенжеев андан сырткары президентке кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алуусун өтүндү.

Жанарбек Кенжеев Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Азия оюндарында жана чемпионаттарында катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Алгачкы жолу Олимпиада оюндарына ал 2004-жылы катышып, анда байгелүү орундарга илешпей калган.

Даярдагандар: Нуриса Максатова, Салават Жангабылов