17-июнда «Интер» маалымат агенттиги мурдагы депутат Акматбек Келдибеков «мунун баарын айтып жаткан Kloop.kgдеги бала менен» телефон аркылуу байланышкам деп айткан видеомаек жарыялады.

Акматбек Келдибеков «мунун баарын айтып жаткан» дегенде 16-июнь күнү кечинде «Бешинчи каналдын» эфиринде көрсөтүлгөн Kloop.kgнин редактору Эльдияр Арыкбаев жөнүндө айткысы келген болуш керек. Арыкбаев анда басылманын журналисттери кыргыз чиновниктери менен алардын туугандарынын Болгариядагы компанияларын кантип таап чыккандыктары жөнүндөгү айтып берген.

1-цитата:

«Мен Kloop.kgдеги кечеки айтып аткан балага телефон чалып айттым: “Ай, сен ошол кыйын болуп компьютерден көрсөтүп айтып атасын, бул компьютерди жаш бала деле ачып алат, бул жерде секретный эч нерсе жок. Ошо капитал, фирманын капиталы канча турат”, десем, жүз лев деди», — сказал Келдибеков на видео.

2-цитата:

«Мен ошол жигитке айттым: “Көрдүңбү, ошол жерде турат, бир машина эмес, бир мотоциклы бар бекен” десем, эчтеке жок дейт. А отчётность нулевой, бул фирма иштетебейт, бул виза үчүн, башка ошо бала-чаканы окутуш үчүн алынган нерсе десем, да байке, эч кандай экономический мындай иш-чара болбой, ноль деп турат деп өзү айтып атат. А каяктан алдын 500-дү десем, булар өздөрү токуп айтты, мен эч кандай тиешем жок деди»

Kloop.kgнин редакциясы Акматбек Келдибеков менен анын жактоочусу жана жардамчысы аркылуу бир канча жолу байланышууга аракет кылган, бирок тилекке каршы, ал өзү дагы, жубайы Аида Токтоматова дагы түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болушкан.

Акматбек Келдибековдун өзү Kloop.kgнин редактору Эльдияр Арыкбаев менен дагы, басылманын штаттагы башка кызматкерлери менен дагы байланышкан эмес. 

Kloop.kgнин редакциясы Акматбек Келдибековдун басылманын башкы редактору менен сүйлөшкөндүгү жөнүндөгү айткандарына таң калды, анткени аны менен эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.

ЖМКда Акматбек Келдибековго тиешелүү делинген «500 унаа жана Европадагы логистикалык фирма» жөнүндө айтсак, Kloop.kg андай маалыматтарга ээ эмес, аны жарыялаган эмес жана тиешелүү далилдер жана юридикалык документтерсиз анын чын экенин билдире албайт.

Kloop.kgнин башкы редактору Эльдияр Арыкбаев «Бешинчи каналга» курган маегинде да басылма «500 унаа жана Европадагы логистикалык фирма» жөнүндөгү маалыматтарга ээ эмес экенин кайталап айткан.

Kloop.kgде болгон маалыматтардын бардыгы тең 17-майда басылманын сайтына жарыяланган жана ал Болгариянын ачык булактарынан алынган тиешелүү документтер менен коштолгон.

Акматбек Келдибековдун Болгариядагы компаниялары жөнүндөгү материал менен шилтеме аркылуу өтүп таанышсаңыздар болот.

Урматтуу окурмандар, эгер силерге Келдибековдун же башка чиновниктердин Кыргызстандын сыртындагы бизнестери тууралуу дагы кандайдыр бир маалыматтар белгилүү болсо eldiyar@kloop.kgдареги боюнча биз менен байланышууңарды өтүнөбүз.

А эгер силер иликтөөгө биз менен бирге катышууну кааласаңар, анда ky.kloop.kg баракчасынын башкы бетинин оң бурчундагы форма аркылуу өз темаңарды жөнөткүлө.