Журналисттер, укук коргоочулар жана юристтер Жогорку Кеңештин депутаттарынан чет өлкөлүктөрдүн ЖМК уюштуруучусу болуусуна жана басылманын өзүнүн жүз пайыз чет өлкөдөн каржыланышына тыюу салган мыйзам долбоорун чакырып алууну талап кылып жатышат.

Чет өлкөлүктөрдүн ЖМК уюштуруучусу болуусуна жана басылмалардын толугу менен чет өлкөлөрдөн каржыланышына тыюу салган мыйзам долбоорунун каршылаштары 16-июнда документти чакырып алуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышты.

Эл өкүлдөрүнүн ал демилгесине каршы болгондордун арасында журналисттер, укук коргоочулар жана юристтер болушту.

Көз карандысыз журналист Азамат Тынаев мыйзам долбоорун — «мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн имитациясы» деп эсептейт.

«Биз долбоорго каршыбыз, анткени бүгүнкү күндө биздин бардык масс-медиа каатчылык абалында жана көптөгөн адамдар жумушсуз калышы мүмкүн. Долбоорду журналисттер менен талкуулоонун ордуна алар [депутаттар] мына ушундай «ажыдаардык ыкмага» барып жатышат», — деп билдирди ал.

«Медиа полис институтунун» башчысы Бегайым Үсөнова «Республика — Ата-Журт» жана КСДП фракцияларынын депутаттары тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору «убакыт талабына жооп бербейт» деп эсептейт.

Ал өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына долбоор жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине таасир эте турганын жазды.

«Биздин жана башка бир нече медиауюмдар мыйзам долбооруна дароо эле каршы чыгышты, анткени ал конкреттүү ЖМКлардын эркиндигине таасир этет. Өлкөнүн 2013-2017-жылдар аралыгындагы туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, маалыматтык саясаттын башкы принциптеринин бири болуп маалыматка жетүү мүмкүндүктөрү менен камсыз кылуу жана өлкөнүн глобалдык маалыматтык мейкиндикке кирүүсү эсептеле турганын эске алсак, анда демилге убакыт талабына туура келбегендей болуп калууда», — деп жазды ал.

Юрист Алтынай Исаеванын пикиринде, мыйзам долбоору конституциялык ченемдерге каршы келет, а каржылоо жагын чектөө ЖМКны гранттарды алуу үчүн түрдүү сынактарга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Kloop.kgге курган маегинде ЖМКлардын ишмердүүлүгүн «мамлекеттик коопсуздукту» камсыз кылуу үчүн көзөмөлдөө зарыл экенин билдирди. Ал каржылоону чектөө жөнүндөгү берене башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан алынганын кошумчалады.

«ЖМК жөнүндөгү бул мыйзам Кыргызстанда көптөн бери каралбай турат. Аны эбак эле кабыл алуу керек болчу. Иштөөгө эч ким тоскоолдук кылбай эле. Ал болгону үлүш маселеси. Ал бүткүл дүйнөлүк практикадан алынган, андай Жапонияда, Швейцарияда жана Австралияда бар, алар каржылоо үлүшүн 25-30 пайызга чектешет. Азырынча мыйзам долбоору анча даяр эмес болуп калды, бирок биз аны фракцияда карайбыз», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Бакыт Жетигенов жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү учурда иштеп жаткан мыйзам менен эле көзөмөлдөнүп жатат деп эсептейт.

«Менимче, бизде бардык мыйзамдар бар, бизде Конституция бар. ЖМК ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган кошумча мыйзам долбоордун кереги жок. Мамлекеттик жана жеке ЖМКлар бар. Менин оюнча, алар өз ара атаандашып, өздөрү каалагандай иштей беришсе болот», — деди ал.

Азырынча парламентарийлер мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алыша элек. Аны талкуулоо кийинки жыйынга калтырылды.

ЖМК жөнүндөгү мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга 13-майда алынып чыгарылган.

Анын демилгечилери — КСДП жана «Республика — Ата-Журт» фракцияларынын депутаттары — өз сунуштарын ЖМК жөнүндөгү учурдагы мыйзамда маалыматтык коопсуздукту карай турган беренелердин жок экендиги менен түшүндүрүшкөн.

«Медиа полис институту» коомдук фондунун эксперттери мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү 2014-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган өзгөртүүлөрдү кайталай турганын билдиришкен.

«Мыйзам тарабынан сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн «ЖМК жөнүндөгү» Орусиядагы ушуга окшогон эле мыйзамды толугу менен кайталай турганын жана биздин мыйзамга ыңгайлашпаганын, өлкөбүз үчүн зарыл эмес болуп эсептеле тургандыгын белгилеп кетүү зарыл», — деп жазышкан алар өз кайрылууларында.

Видео: Азамат Каработоев