6-июнда Бишкектеги газ ташыган унаанын жарылуусунан улам денелеринин 90-100 пайызы күйүп калган алты киши 4-шаардык ооруканада каза болушту. Жараат алган калган беш кишинин абалдары туруктуу деп бааланууда.

6-июнда Бишкектеги газ ташыган унаанын жарылуусунан улам жараат алган 11 кишинин алтысы каза болду, алардын денелеринин 90-100 пайызы күйүп калган, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

«Оор жараат алгандардын бардыгы тең төртүнчү шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылышкан. Бирөөсү 7-июнда, экөөсү — 8-июнда, дагы экөөсү — 10-июнда жана акыркысы мына — 18-июнда каза болду», — деди ал.

Анын айтымында, дарыгерлер жараат алгандар ооруканага жеткирилээри менен дароо эле алардын «жаракаттарынын өтө оор экенин» жана «аман калуу мүмкүндүктөрү аз экенин» билдиришкен.

«Бирок алар баары бир жараат алгандарды куткарып калууга бардык аракеттерин көрүштү», ‒ деп кошумчалады ал.

Жараат алгандардын дагы бешөөсүнүн абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда, алар ооруканадан чыгышкан.

Фучик көчөсүндө жайгашкан жүк ташуу унааларын токтотуу жайындагы өрттүн чыгуусуна газ ташыган унаанын жарылуусу себеп болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өрт бир унаадагы газды экинчисине сордуруп алуудагы техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам келип чыккан.

Жалын газы бар цистернаны зыянга учуратып, андан улам жарылуу болгон. Анын жыйынтыгында беш жүк унаасы күйө баштаган. Ал ошондой эле «Аю» компаниясынын азык-түлүктөрү сакталып турган кампасына да зыян келтирген.

Өрттү өчүрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты өрт өчүрүү тобун жөнөткөн.