«Пирамида»: Милиция кызматкерлери түнкү клубда журналистти сабашты

«Пирамида» телеканалынын журналисти Александр Забалуев менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы окуя 18-июнда түнкү клубдардын биринде болгон. Журналист аны милиция кызматкерлери сабагандыктарына ишендирүүдө. ШИИБнин басма сөз кызматынан анын айткандарын четке кагып жатышат.

Кайгуул милициясынын кызматкерлери менен «Пирамида» телеканаынын журналистинин ортосундагы окуя 18-июнь күнү Бишкектеги «Папин гараж» түнкү клубунун алдында болгон.

Телеканалдын басма сөз кызматы «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына милиция кызматкерлери журналист Александр Забалуевди «сабагандыктарын» жазды. Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери Забалуевдин жанындагы алты миң сомун жана банк картасын алып коюшкан.

«Бишкектин Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери “Пирамида” каналынын кызматкери Александр Забалуевди ур-токмокко алышты. Окуя өткөн ишемби ордо калаадагы “Гараж” түнкү клубунун жанында орун алган», — деп жазылган телеканалдын 20-июнда жарыяланган билдирүүсүндө.

Забалуев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде чыр ал түнкү клубдун «күзөт кызматкерин кокустан түртүп кеткенден» кийин башталып, аларга милиционерлер кийлигишип, анын клубдан чыгып кетишин талап кылгандыктарын билдирди.

Айтымында, качан ал милиционерлердин талабына баш ийүүдөн баш тартканда, аны сабап башташкан. Ал милиция кызматкерлеринин ур-токмогунан улам жаракат алганын кошумчалады.

«[…] мен баш тарттым, ал үчүн милиция кызматкерлеринин бири мени уруп жиберди. Мен кызаңдап кеттим, бирок «сылык түрдө» аракетин түшүндүрүп беришин өтүндүм. Алар мени урганга акылары жок экенин айтып: «Эгер дагы кандайдыр бир көйгөйлөр бар болсо акты түзүп, РИИБге алып баргыла», деп кошумчаладым», — деди ал.

Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев Забалуевдин милиция кызматкерлеринин кол салгандыгы жөнүндө айткандарын четке какты. Ал Kloop.kgге курган маегинде журналисттин «өзү жыгылганын» айтты.

«Ал журналистти эч ким сабаган эмес, өзү басып жүрүп өзү жыгылган, анан аны милиция кызматкерлери сабаганын билдирген, азыр клубдун видеокөзөмөл камерасындагы жазууларды алышат, ошондо анда эмне болгондугу так билинет», — деди ал.

Бул окуя социалдык түйүндөрдөгү талкуулардын темасынын бирине айланды. Анда айрым колдонуучулар укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кол көтөрүүгө айыпташса, башкалары чырды баштаган деп журналистти айыпташты.

Окуянын күбөсү Юлия Варавина журналисттин мас болгонун жана «мушташты биринчи баштаганын» жазды.

«[…] ал жигит дээрлик эси-учун жыйа албаган абалда болгон. Күзөт кызматкерлери чынында эле аны урбашы керек болчу, милиция чынында аракет көрбөстөн карап турбашы керек болчу, бирок мен анын кийимдери чаң, мас абалында келип, мушташты баштаганын өз көзүм менен көрдүм», — деп жазды ал.

Айдан Мукашев аттуу дагы бир колдонуучу кандай болгон күндө да милиция кызматкерлеринин андай аракеттерге барбашы керек болгондугун жазды.

«[…] кандай болгон күндө да укук коргоо органдарынын кызматкерлери андай аракеттерге барбашы керек болчу. Алар коомдун коргоочулары да, а чынында тескерисинче болууда. Өкүнчтүү», — деп жазды ал.