Bishkek Big Band деген аталыштагы алгачкы джаз оркестринин концерти 30-июнда Опера жана балет театрында болот. Джаз аткаруусундагы кыргыздын салттуу музыкасы — бул ар бир адам угуп көрүүсү керек болгон нерсе, деп эсептейт Kloop.kgнин редактору Азамат Өмүралиев.

Он эки даана кернейчи, перкусиондук чоң орнотмо, джаз кубулжуусу жана саксофондогу соло — жок, бул Дюк Эллингтондун же Бенни Гудмандын оркестрлеринин ойноосу эмес, а Bishkek Big Band (BBB) тобунун чыгармачылыгынан үзүндү.

Эгер заманбап джаз жалпысынан техно же академиялык музыка менен тажрыйба жасоого жакын болсо, чоң джаз-бенддер — бизге Синатрдын свингдик музыкасы менен Стэн Гэтцтин муңдуу балладалары мезгилинен келген реликт, чоң кесек сыяктуу.

Анткен менен Бишкек үчүн бул сыяктуу ойноолор — дээрлик чектен чыккан нерсе. BBB Дрэйктин вайб ырларын кыргыз тили менен айкалыштырган Zamanbap тобу сыяктуу эле трюк жасап, кыргыз тексттерин классикалык джаз мотивдерине келтирет.

Бир четинен бул тренддин чагылышы, а экинчи жагынан — дээрлик зарылчылык. Кыргыз тилиндеги ырлар джазга бир аз кошумча экзотика гана киргизбестен, парадоксалдуу жол менен шаңкылдаган америкалык обонго туура келип, ага идеалдуу жарашып калат.

Эртеби кечпи бул сыяктуу топ пайда болушу керек болчу: жыл сайын өтүп, шаардын жашоосуна сиңип келе жаткан джаз фестивалынын маданияты бул топтун чыгармачылыгын баалай ала турган угуучуларды даярдап койду десек болот. Анда көрүү менен катар эле уга турган нерселердин бар экендиги да маанилүү.

Bishkek Big Band тобунун аткаруусундагы кыргыз салттуу музыкасы менен заманбап музыканы 30-июнда угууга болот — топ бишкектиктер үчүн Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында ойнойт.