Секс-жумушчулары бир апта мурун жетекчилиги «сойкуларга каршы аңчылык» жарыялаган Бишкек милициясынын рейддерине нааразы. Ошол эле маалда Кыргызстанда сойкулук менен алектенүү мыйзам боюнча жазаланбайт.

Kloop.kgнин кабарчысы өз кызматтары тууралуу атайын сайтка жарыя жайгаштырган секс-жумушчуларынын арасында сурамжылоо жүргүздү. Алар телефон аркылуу курган маектеринде Бишкек милициясынын рейддерине нааразы экендиктерин, анткени «алар жаман эч нерсе деле жасабагандыктарын» билдиришти.

«Албетте мен каршымын. «Түнкү көпөлөктөрдү» кармагандын ордуна кылмышкерлер менен ууруларды кармашпайбы. Кандай жол менен акча табышты ар ким өзү чечет. Биз мындай жолго жыргаганыбыздан барбай элебиз да. Рейд жүргүзгөндүктөрү таптакыр туура эмес, милиция кызматкерлери деле бизге келип эс алып кетишет», — деди Айгерим.

Сурамжылангандардын көбү эгер милиция бул сыяктуу рейддерди жүргүзө берсе эмне кылуу керек деген суроолорду узатышууда — алар абалдан чыгуунун жолу катары Кыргызстандан чыгып кетүүнү көрүшүүдө.

«Менимче, күндүз башка жерде иштеп же окуп, а түнкүсүн кошумча акча тапкан мен жалгыз болбосом керек. Биз деген кимдир бирөөнү өлтүрүп же уурулук менен алектенбей элебиз да, биз эч кимге жамандык кылбай элебиз. Албетте мен ал рейддерге каршымын. Акыры биз ушул өлкөнүн жарандарыбыз го. Эми биз эмне кылышыбыз керек? Чет өлкөгө кетелиби?» — деп суроо салды Эркайым.

Секс-жумушчулардын бир бөлүгү рейдерди «акылсыздык» деп эсептешет, анткени мыйзам боюнча, милиция аларды жоопкерчиликке тарта албайт — Кыргызстандын Кылмыш кодексинде сойкукана уюштуруу үчүн гана жоопкерчилик каралган.

Kloop.kgнин кабарчысы менен телефон аркылуу сүйөшкөн Асель секс-жумушчулардын коопсуздугу маселесин да көтөрдү — ал эгер кыздардын беттерин сыналгыдан же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көрүп калышса эмне болот деп суроо салды.

«Бир жолу кармап, анан баары бир бошотуп жиберишет. Анан да видеого да тартып жатышат, анысы таптакыр туура эмес. Кокустан аларды туугандары же тааныштары көрүп калса ал кыздар менен эмне болот?» — деди ал.

Сойкулук = бейбаштык?

Бишкек милициясы рейддерди 15-июнда баштаган — шаардык ИИББнин жаңы начальниги Самат Курманкулов туристтик сезон маалында жана Рамазан айында «шаарды сокулардан тазалоону» убадалаган.

prostituciya_2

Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев Kloop.kgге рейддер башталган бир жуманын ичинде 150 секс-жумушчусу кармалганын айтты.

«Азыр дагы рейддер өткөрүлүп жатат, жумушчу план түзгөнбүз. Биз аны менен бекер күрөшпөй элебиз, биз көчөлөрдө туруп алып интим кызматтарын сунуштаган андай терс көрүнүштөрдү тазалоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Мира Абдылдаева Kloop.kgге милиция кызматкерлери секс-жумушчуларга каршы рейддерге кечки саат 10до же чакыруу боюнча чыгып жаткандыктарын айтты.

«Ооба, бул байыркы кесиптердин бири, ал эч качан токтогон эмес. Бирок биз убактылуу тазалап жатабыз, жок дегенде Рамазан айында жана туристтик мезгилде токтойт деп үмүттөнүп жатабыз», — деди ал.

Абдылдаева секс-жумушчулары «бейбаштык» беренеси боюнча кармалып жаткандыктарын, анткени алар «сөгүнүп, өздөрүп адепсиз алып жүрө тургандыктарын» айтты.

Kloop.kgнин кабарчысы милиция кыздардын кимисинин сойкулук менен алекенип, кимисинин алектенбестигин кантип аныктап жаткандыгы боюнча суроо узатты — ИИББнин өкүлү кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери «көптөн бери иштеп келе жаткандыктарын жана кимдин кандай көрүнүштө экенин биле тургандыктарын» айтып жооп берди.

«[Милиция кызматкерлери] сауналарга, батирлерге барышат. Сойку же сойку эмес экенин жарыялар боюнча жана башка көптөгөн себептер менен аныкташат. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери көптөн бери иштеп жүрүшөт, алар практикалык тажрыйбаларга ээ, алар баарын билишет жана кимдин ким экенин аныктай алышат. Аларды милиция бөлүмдөрүнө алып келишип, аларга карата административдик жаза боюнча картотека ачышат да үч суткага камашат же административдик айып жазышат», — деди ал.

«Тыюу салынбаса демек уруксат берилген»

«Калым Шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиз Абдирасулов секс-жумушчуларды кармоо мыйзамга каршы келет жана ал алардын укуктарын кемсинтет деп эсептейт.

«Мыйзам менен тыюу салынбаса, анда ага уруксат берилген. Эгер бийлик бир нерсеге тыюу салууну кааласа, анда тыюу салуу механизмдерин так иштеп чыгуу үчүн мыйзам кабыл алышы керек. А азыр тыюу салууну мыйзам жагынан көзөмөдөө жок», — деди ал.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова секс-жумушчуларына каршы рейддерди өткөрүүнү натыйжасыз деп эсептейт.

«Сойкулук байыркы кесип. Биздин ШИИБнин ал кубулушту түп тамырынан бери жоготкудай канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеп жатканын билбейм. Ал эмес коррупция боюнча, биз аларды милиция кызматкерлеринин өзүлөрүнүн «калкалай турганын» билебиз. А сойкулук ага карата суроо-талап кайсыл жерде бар болсо ошол жерде өнүгөт. Ал сойкулар кимдерди тейлеп жатышат? Милиция кызматкерлеринин өзүлөрүн тейлеп жатышы мүмкүн», — деди ал.

Укук коргоочу секс-жумушчулардын ишине эмнеге тыюу салуу керектигин түшүнбөй жатканын айтты — анын пикиринде, сексуалдык кызмат көрсөткөн сойкуканаларды «калкалап», алардын ишмердүүлүгүнөн акча таап жаткандарды издөө керек.

«Бир кездерде ал сойкуканалар жайгашкан сауналарга депутаттардын өзүлөрүнүн ээлик кыла тургандыктары боюнча ызы-чуу чыкпады беле. Сойкулардын аркасынан кубалап эмне кереги бар экени мага түшүнүксүз. «Ал сойкуканаларды кимдер ачып жатышат? Сойкулардан киреше алып жаткан адамдар кимдер?» деген суроолорду берип көрүү керек?» — деди Ошурахунова.

«Декриминализация»

«Прецедент» юридикалык фирмасынын директору Фатима Якупбаева милиция секс-жумушчуларын «Бейбаштык» беренеси боюнча жоопко тартпашы керектигин, анткени андай кызмат түрүн көрсөтүү ал аныктамага туура келбей турганын айтты.

«Майда бейбаштык — бул коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын буза турган коомдук жайларда адепсиз сөздөрдү айтуу, адамдарды кор кылып асылуу сыяктуу аракеттер. Сойкулукту административдик укук бузуу же кылмыш катары кароо туура эмес», — деп түшүндүрдү юрист.

Якупбаева абалдан чыгуунун жолу катары сойкулукту декриминализациялоону жана демаргинализациялоону көрөт.

«Биринчиден, чиновниктер тарабынан сунушталып жаткан «тыюу салуу аракеттери» коррупциянын деңгээлин жогорулатат жана көйгөйдү туңгуюкка кептейт. Секс-индустриясын демаргинализациялоо анын изилдөө чөйрөсүн кеңейтүүгө жана ВИЧтин алдын алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле секс жумушчуларын басмырлоого байланышкан кыйыр таасирлерди төмөндөтөт», — деди ал.

Сүрөт: Sputnik