Ысык-Көл облусунун бийлиги Балыкчы — Корумду унаа жолун кеңейтүү үчүн июндун башында Раппопорт аллеясын кыйып баштаган. Kloop.kgнин кабарчылары учурда анын кандай көрүнүштө болуп калганын видеого тартып келишти.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан белгилүү Раппопорт аллеясындагы 700дөн ашык бак 2016-жылдын июнунун башында кыйылып баштаган.

Ысык-Көл облусунун бийлиги Балыкчы — Корумду унаа жолун кеңейтүү үчүн бактарды кыюу керек деген чечимге келген.

Бактарды массалык түрдө кыюуга ошондой эле алардын «авариялык» абалда экендиги да себеп болгон, деп түшүндүрүшкөн жергиликтүү администрациядан.

«Мунун бардыгы транспорттордун өтүүсүн жеңилдетүү үчүн жасалууда. Бактарды көбү чириген, шамал маалында алар кулап, авариялык абал жараткан учурлар болгон» , — деген Ысык-Көл аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Марат Кулатаев.

Жергиликтүү жашоочулар Ысык-Көлдүн башкы ажайып жайларынын бири катары баалап келишкен тарыхый жайдан азыр кургак дүмүрлөр жана казылган тамырлар гана калган.

Бийлик кыйылган бактарды отун катары пайдалансын деп жарды үй-бүлөлөргө таратып берди.

«Тарыхый мураска кош көңүлдүк кылуу»

Раппопорт аллеясындагы бактар 1934-жылы отургузулган жана алардын кыйылышы кыргызстандыктардын арасында нааразычылыктарды жаратты. Эколог Эмил Шүкүров бактар жакшы абалда экенин жана бийлик аларды «коммерциялык максаттардан» улам кыйып жатканын айткан.

«Бул коммерциялык максаттардан улам ойдон чыгарылган нерсе. Мен ал жерде өткөн жылы болгом, алардын дүмүрлөрүнүн абалын көрүп келгем. Алар таптакыр чириген эмес болчу», — деген ал.

Видео 360°: Аллеянын 2016-жылдын мартындагы көрүнүшү:

Ошондой эле бактарды кыюу демилгесине Кыргызстандын архитекторлор биримдигинин мүчөлөрү да каршылыгын билдиришкен. Алар өз ачык кайрылуусунда аллеяны кыюу — «тарыхый мураска кош көңүлдүк кылуу» экенин билдиришкен.

«Аллеяны Балыкчы — Корумду унаа жолун реконструкциялоодо күмөндүү утушка ээ болуу үчүн кыюу — мураска кош көңүлдүк кылуунун, коомдун ага катышпагандыгынын жана Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги эсте кала турган ажайып жайлардын бирин жоготуу менен кыска аралыктагы экономикалык пайдага шилтеме жасаган адистердин компетенттүү эместигинин далили болот», — деп жазылган кайрылууда.

Видео: Булат Сатаркулов