27-июнда Мамлекеттик сатып алуулар департаменти электрондук сатып алуулар порталындагы латын тамгалары пайдаланылып жайгаштырылган жарыяларды тосмолой баштады. Департамент тарабынан мындай чечим журналисттер жашырылган тендерлерди таап чыккан «коррупциялык латын тамгалары» жөнүндөгү бир канча иликтөө материалдары жарыялангандан кийин кабыл алынды.

Мамлекеттик сатып алуулардын методологиясы бөлүмүнүн адиси Тилек Айталиев Kloop.kgге курган маегинде мындан ары мамлекеттик органдар тарабынан жарыяланган жарыялардын бардыгы тең латын тамгаларынын бар-жоктугу боюнча текшерүүгө алына тургандыгын билдирди.

«Биз программисттер менен биргеликте латын тамгалары пайдаланылган жарыяларды аныктап чыга турган технологияны киргиздик. Тендер текшерүүдөн өтмөйүнчө жарыяланбайт. Эгер портал коррупциялык латын тамгаларын тапса, анда ал жарыя тосмолонуп, сайтка жарыяланбайт», — деди ал.

Латын тамгалары пайдаланылган жарыяларды тосмолоо 2016-жылдын май жана июнь айларында Kloop.kgнин журналисттери менен «Акчабар» экономикалык басылмасынын кабарчылары тарабынан жарыяланган иликтөө макалаларынын фонунда башталууда.

Kloop.kgнин журналисттери Чоң-Алай администрациясы тарабынан бир нече объектинин курулушу үчүн жарыяланган 8 млн сомдук тендерде латын тамгаларынын пайдаланылганын таап чыгышкан. Ал тендерлердин бардыгын тең сынактын жарыяланаарына 15 гана күн калганда каттоодон өткөн бир эле компания утуп алган.

Июндун башында «Акчабардын» кабарчысы Ош милициясынын 431 млн сомдук жашырылган тендерин таап чыккан. ИИБ жарыя аталышындагы айрым кириллица тамгаларынын ордуна, аларга окшош латын тамгаларын пайдалануу менен турак жай курууга тендер жарыялаган.

Ошондой эле «Акчабар» экономикалык басылмасы 2016-жылдын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар сайтында жалпы суммасы 656 млн сомду түзгөн кеминде 72 тендердин «коррупциялык латын тамгаларын» пайдалануу менен жашырылганын санап чыккан.

«Коррупциялык латын тамгалары» — качандыр бир кезде Орусиядагы Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный өз блогунда сүрөттөп жазган коррупциянын элементтеринин бири.

Ал «коррупциялык латын тамгасы» тапшырык ээсинин өзү эле айтып койбосо жалданма компаниялардын мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы жарыяларды издөө системасы аркылуу таба албай калгандай шарт түзө тургандыгын жазган.

«Мисалы, сиз алдамчысыз жана мектеп үчүн сүт алып жатасыз деп коелу. Сүт — бул стандарттуу азык, сизге жеткирип берген сүттүн баасынын бир бөлүгүн бере турган «өз жалданма компанияныңызды табууга» мүмкүнчүлүгүңүз аз. Анткени сүт жеткирүүчүлөр сайттагы сиздин жарыяна табышат да төмөнкү бааны коюп коюшат. А сиз болсо өтө жөнөкөй нерсени жасашыңыз керек. Жарыяны сайтка жайгаштырууда «молоко» деп орусча жазбайсыз, а бардык үч «о» тамгасын тең латын тамгалары менен «мoлoкo» деп жазасыз, анан мамлекеттик сатып алуулардын сайтынан издегенде ал жарыя табылбайт. Аны буйрутманы болушунча жогорку баа боюнча алып, сизге кирешесинин 20 пайызын бере турган жеткирүүчүңүз гана таба алат», — деп жазган Навальный.

Алгачкы жолу кыргыз тендерлериндеги коррупциялык латын тамгаларын Kloop.kgнин кабарчылары 2014-жылдын декабрында таап чыгышкан. Журналисттер Билим берүү министрлиги китеп басып чыгаруу үчүн жарыяланган 167 млн сомдук тендерин жашырганын аныкташкан.

Материал жарыялангандан кийин министрлик тендер жарыясын кайрадан өзгөртүп, андагы латын тамгаларын өчүргөн. Ошондой эле мекемедеги мамлекеттик сатып алуулар үчүн жооптуу болгон кызматкерин жумуштан бошоткон.