2015-жылдын октябрында шайланган кыргыз парламенти өзүнүн биринчи сессиясын 30-июнда аяктады. Kloop.kgнин редакциясы Жогорку Кеңештин депутаттарынын кандай мыйзам долбоорлорун сунушташканын жана сессиялык бир жылдын ичинде эмнелери менен өзгөчөлөнгөндүктөрүн эстеди.

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков эл өкүлдөрүнүн бир жылдык ишинин жыйынтыктары боюнча өткөргөн маалымат жыйында сессиялык бир жыл ичинде депутаттар 273 мыйзам долбоорун карап, алардын 157син кабыл алгандыктарын билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун көпчүлүгү «адам укуктары менен эркиндигин коргоого жана демократиянын өнүгүүсүнө» багытталган.

Kloop.kgнин редакциясы депутаттардын кыргызстандыктардын сын-пикирлерин жаратып же алардын колдоосун тапкан белгилүү мыйзам долбоорлорун эстеди.

Жаңы, VI чакырылыштын ишинин алгачкы айлары депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө байланышкан ызы-чуулар менен коштолду — 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын февралына чейин кеминде он депутат парламенттеги ордуларынан кол жуушту. Алардын бир бөлүгү Жогорку Кеңеште иштөөдөн өз каалоолору менен баш тартышса, башкалары мандат үчүн соттошууга чейин барышты.

«Чет элдик тыңчылардан» баш тартуу

Жаңы парламентке мурдагы чакырылыштан калган эң чуулуу мыйзам долбоорлордун бири — 2014-жылдын майында Нуркамил Мадалиев менен Турсунбек Бакир уулу тарабынан сунушталган «чет элдик тыңчылар» деп аталган мыйзам болду.

Мыйзам долбоорунун алгачкы версиясы чет өлкөлөрдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар менен эл аралык уюмдардын кыргыз өкүлчүлүктөрү үчүн «чет элдик тыңчы» түшүгүнүн киргизүүнү сунуштаган. Ошондой эле мыйзам алардын каржы отчетторун катаалдатып, бейөкмөт уюмдарга Юстиция министрлигинин кошумча текшерүүлөрүн киргизүүнү сунуштаган.

Ондогон коммерциялык эмес уюмдар документтин кабыл алынышына каршы чыгышып, «чет элдик тыңчы» түшүнүгүн кемсинтүүчү жана жарандык активисттерди тыңчыларга теңеген түшүнүк деп аташкан.

Мыйзам долбоору жаңы чакырылыштын экинчи кароосуна карата дээрлик кайрадан жазылды: андан «чет элдик тыңчы» аныктамасын алып, анын ордуна эл аралык уюмдар түшүнүгүн киргизишип, коммерциялык эмес уюмдардын өз ишмердүүлүгү тууралуу жыл сайын интернетке отчет жарыялап турушу керек деген эреже кошушту. Экинчи окууда депутаттардын дээрлик үчтөн экиси мыйзам долбоорунун жаңы редакциясынын кабыл алынышын колдоп добуш беришкен, бирок 12-майда каралган үчүнчү окууда документ парламенттин жарымынан көбү тарабынан жактырылган эмес.

Секелек кыздарга нике кыюуга тыюу салуу маселесинин айланасындагы талаш-тартыштар

2015-жылдын октябрындагы шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланып келген мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жашы жете элек жарандарга нике кыйгандыгы үчүн дин кызматкерлерине карата кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштаган.

Мыйзам долбоору жалпысынан жарандык активисттер менен коомчулук тарабынан жактырылган, бирок 26-майда парламент ал документти четке каккан. Кийинчерээк мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш берген депутаттар журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өз чечимдерин «техникалык мүчүлүштүктөр» жана «добуш берүү маалында жок болгондуктары» менен түшүндүрүшкөн, ал эми кимдир бирөө эмнеге каршы добуш бергенин унутуп калганын айткан.

30-майда «Бир Дүйнө Кыргызстан» кыймылынын активисттери Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясын уюштурушуп, депутаттарды кайрадан добуш берүүгө чакырышкан. Көптөгөн нааразы болгон пикирлер айтылгандан кийин депутаттар кайрадан добуш берүү өткөрүшүп, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.

ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү

Депутаттык «каникулга» аз калганда социал-демократ Кожобек Рыспаев ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын ачуусуна тыюу салууну сунуштады. Ал өз идеясын өлкөнүн «маалыматтык коопсуздугун» ойлоп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Кошумча катары ал ошондой эле ЖМКлардын чет өлкөлөрдөн каржылануусунун көлөмүн 20 пайызга чейин кылып чектөөнү сунуштаган. Документ биринчи окууда кабыл алынган.

Журналисттер менен укук коргоочулар сын-пикирлерин, нааразычылыктарын айткандан кийин долбоордун тексти өзгөртүлгөн. Жаңы редакциясында сунушталган тыюу салуулар телеканалдарга гана тиешелүү болгон — ТВ-компаниялардын уюмдаштыруучу болууга кыргызстандыктарга гана жана чет өлкөлүктөрдүн үлүштөрү 35 пайыздан көп болбогон жергиликтүү компанияларга гана уруксат берилген.

Медиаэксперттер долбоордун кабыл алынышы сөз эркиндигине коркунуч жарата тургандыгын билдиришип, идеянын Орусияда кабыл алынган ошондой мыйзамга окшош экендигин белгилешкен. Депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууда кароону сентябрга калтырышты.

«Гейлерге каршы» мыйзам долбоорунун айланасындагы арсардык

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандырууга» тыюу салган мыйзам долбоору да VI чакырылышка мурдагы депутаттардан калган. Документ «Республика» партиясынын тизмеси менен шайланган Курманбек Дыйканбаев башында турган отуз депутаттан турган топ тарабынан демилгеленген. Дыйканбаевдин өзү жаңы чакырылышка өткөн жок, ошондуктан мыйзам долбоорун анын пикирлеши Төрөбай Зулпукаров көтөрүп чыгууда.

Документ эгер «салттуу эмес мамилелерге» карата жакшы пикир балдардын арасында же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо айып төлөтүү же бир жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууга чейин кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштайт.

Долбоор эки окууда кабыл алынгандан кийин Европа парламенти, ЕККУ, БУУ жана «Хьюман Райтс Уотч» өңдүү эл аралык институттар менен укук коргоо уюмдары тарабынан сын-пикирлердин айтылышынын фонунда «парламентте токтоп калды». Жогорудагы уюмдар менен институттардын бардыгын тең «басмырлоочу ченемдер» менен «так эмес» туюдурмалардан улам депутаттарды мыйзам долбоорун чакырып алууга үндөшкөн.

Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитет 24-майда мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтарууну сунуштаган. Комитет төрагасы Жаныбек Бакчиев аны «бир жаксыз» жана «көңүл бурууга татыктуу» долбоор деп атаган. Жыйынтыгында депутат документти кароону күзгүгө калтырышты.

Соавторлор: Айжамал Мураталиева, Нияз Абдразаков