30-июнда Bishkek Big Band джаз оркестринин алгачкы концерти Опера жана балет театрында өттү. Ага салттуу кыргыз ырларын джаз аткаруусунда угуу үчүн 400гө жакын киши келди.

Bishkek Big Band (ВВВ)— бул музыка индустриясында жаңы багытты калыптандырып жаткан Кыргызстандагы алгачкы жана азырынча жалгыз джаз оркестри. Оркестр фольклордук жана заманбап музыканы джаз менен айкалыштырат.

IMG_8769

IMG_8842

IMG_8848

IMG_8853

IMG_8869

IMG_8876

IMG_8921

Bishkek Big Band оркестри 2015-жылдын мартында бишкектик музыкалык энтузиасттардын демилгеси менен түзүлгөн. Учурда топтун курамында барабанчы, саксофончу жана бас-гитарачыны кошкондо жалпысынан 20 киши ойнойт.

IMG_8929

IMG_8980

IMG_9004

Барабанчы Бакыт Жумагуловдун айтымында, оркестр концертке төрт айга жакын убакыт даярданган.

«Мен көрүүчүлөрдүн джаз музыкасынын аспаптарынын жандуу угулушуна эбак эле даяр болгонун түшүндүм […] Мындан ары да чогулуп, ойноп, бул ишти таштабай уланталы деп пландап жатабыз, анткени бул Кыргызстандагы жалгыз чоң биг-бэнд, башка мындай топтор жок», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

IMG_9024

IMG_9099

IMG_9104

IMG_9119

Сүрөт: Айдана Канатбек
Видео: Азат Рузиев