Далласта полиция тараптан жасалган зомбулуктарга каршы өтүп жаткан нааразычылык акциясы маалында белгисиз адамдар тарабынан коопсуздукту камсыз кылып турган төрт полиция кызматкери өлтүрүлүп, дагы жетиси жарадар кылынды.

Далласта атышуу 7-июль күнү кечинде болду — белгисиз адамдар полиция тараптан жасалган зомбулуктарга каршы өтүп жаткан нааразычылык акциясы маалында коопсуздукту камсыз кылып жүргөн укук коргоо органдарына карата ок чыгарышкан.

Би-би-си укук коргоо органдарына шилтеме жасоо менен полиция кызматкерлерине карата эки белгисиз адам аткылашкандыктарын билдирүүдө. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ок снайпер куралынан атылган.

Басылманын маалыматы боюнча, аткылоого кеминде он полиция кызматкери дуушар болгон, алардын төртөөсү ошол жерде эле каза болуп, дагы жетиси жаракаттарды алышкан. Ошондой эле аткылоолордон демонстранттардын бирөөсү да жарадар болгону кабарланууда.

Окуянын күбөсү Клариса Майлс CNNге курган маегинде аткылоолордун үнүн укканда бардыгы тең туш тарапты көздөй чуркагандыктарын айтты.

«Башаламандыктар башталган маалда мен МакДоналдста тамактанып жаткам. Бардыгы кыйкырышып, адамдар туш тарапты көздөй чуркап жатышты. Мен кеминде 30 ок атуунун үнүн уктум», — деди ал.

Дагы бир күбө ок атуулар башталган маалда ал полиция кызматкерлеринин жанында бара жатканын айтты.

«Мен офицерлердин жанында бара жаткам, анан жети-сегиз жолу ок атылганын уктум, андан соң эки офицер жерге кулашты», — деди ал.

Ошол эле түнү Далластын полиция кызматкерлери үч шектүүнү кармашты — алардын бирөөсү өзү колго түшүп берген, экинчиси ок атышуу маалында, а үчүнчүсү — унаасы менен из жашырып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Учурда полиция алардын кол салууга тиешелеринин бар-жоктугун текшерип, кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча операцияны улантып жатышат.

АКШдагы нааразычылык акциялары

АКШда массалык нааразычылык акциялары 6-июлда, полиция кызматкерлеринин афроамерикалыктарга карата ок чыгарып жаткандыктары тартылган эки видео жарыялангандан кийин башталган.

Видеотасмалар эки башка штатта — Луизиана менен Миннесотто — эки күндүк айырма менен тартылган.

Биринчи видео интернетте 5-июлда пайда болгон. Анда Луизиана штатында эки полиция кызматкери афроамерикалыкты жерге басып, ага карата ок чыгарып жаткандыктары тартылган.

Экинчи видео 7-июлда жарыяланган. Анда полиция кызматкерлери акча капчыгын алып чыгуу үчүн чөнтөгүнө кол салайын деп жаткан автоунаа ичиндеги афроамерикалыкка ок чыгарышкан. Ал көрүнүштү видеого анын унаа ичинде отурган досу тартып алган.

Полициянын маалыматы боюнча, видеого тартылып алынган кызматкерлер убактылуу жумуштан четтетилишти.

Луизиана менен Далластагы нааразычылык акцияларынын катышуучулары полиция афроамерикалыктарга карата адилетсиз мамиле кыла тургандыктарын айтышып, борбордук көчөлөрдөгү кыймылды токтотуп, тосуп алышкан.

«Биз — бутабыз. Биз эркиндик үчүн күрөшкөнбүз, бирок силер бизди өлтүрүүнү улантып жатасыңар. Силер бизди өлтүрүп жатасыңар, биздин өмүр силерге көз каранды», — деп жазды CNN Миннесоттогу демонстарциянын катышуучусу ЛяРонд Тэллинин айткандарын.

Күчөп бараткан нааразычылыктардын толкунуна АКШнын президенти Барак Обама да өз реакциясын билдирди. Ал афроамерикалыктарды өлтүрүү учурларынын көбөйүү көйгөйү — жалпы америкалык көйгөй экенин билдирди.

«Бул ынды кара адамдардын же латынамерикалыктардын гана көйгөйү эмес. Бул Американын көйгөй жана аны биз бардыгыбыз тең чечишибиз керек», — деди ал.

Сүрөт: CNN