Бишкектин көчөлөрүнө паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөтү тартылган жарнамалык такталар жайгаштырылгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал боюнча текшерүү иштерин баштады. Мэрия такталарды жайгаштырууга «Кыргызстандын патриоттору» деген аталыштагы агартуучулук фонд буйрутма бергенин билдирүүдө.

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, УКМК тарабынан текшерүү иштеринин башталышына Бишкектин борбордук бөлүгүнө илинген такталарды «чагымчылдык» деп атаган теолог Кадыр Маликовдун билдирүүсү себеп болгон. Ал жарнак такталардын бир жарымында кыргыздын улуттук кийимдерин, ал эми экинчи жарымында паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү түшүрүлүп, төмөн жагына «Кайран эл кайда баратабыз?» деген жазуулар жазылган.

Kloop.kgнин кабарчылары бир канча жолу мэриянын басма сөз кызматына кайрылышып, борбордук көчөлөрдөгү жарнак такталарын жайгаштырууга кимдин буйрутма бергенин тактап алууга аракет кылышты, бирок андагы кызматкерлер тиешелүү адистин жок экенин айтышып, түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Кийинчерээк мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде такталарды жайгаштырууга «Кыргызстандын патриоттору» фондунун мүчөлөрү буйрутма бергендиктерин айтты.

«Мэрияда жарнак такталарын ижарага бергендер жөнүндө гана маалыматтар бар […], жанагыл такталар жөнүндө айтсам, мен болгону алар «Кыргызстандын патриоттору» деген агартуучулук фонддун буйрутмасы менен жайгаштырылганын билем», ‒ деди ал.

Басма сөз кызматтын жетекчиси Гуля Алманбетова фонддун өкүлдөрү аны менен байланышка чыгып, бирок кийинчерээк «жок болуп кеткендиктерин» билдирди.

«Бул агартуучулук фонд, жетекчиси кыргыз, мусулман, беш маал намаз окуйт. Ал өзү жөнүндө мындай деп айтты: «Мен – мусулманмын, Кыргызстандын патриотумун жана мен Кыргызстандагы исламды башкача көрөм, бул менин көз карашым». А бизде болсо Конституция боюнча анын көз карашы башкача болушу керек деп айтууга укугубуз жок. Айкындуулук менен демократия эмеспи», – деди ал.

Ал коомдук уюм Юстиция министрлиги тарабынан расмий түрдө катталган уюмдардын арасында жок, бирок мекеменин сайтынан Алмас Орозбаковдун жетекчилигиндеги ошондой атылышка ээ саясий партияны табууга болот.

2015-жылдагы парламенттин шайлоонун алдында Орозбаковдун ысымы КСДП партиясынын сайтындагы маалыматтык билдирүүдө «Кыргызстандын патриоттору» деген коомдук фонддун башчысы катары көрсөтүлгөн.

«Кыргызстандын патриоттору» коомдук фонду президенттин саясатын колдоп, туруктуу өнүгүү шарттарын түзгөн КСДП партиясы менен тилектештикте болууну өз милдети деп эсептейт. Өлкөгө чыныгы президенттик партия гана камсыз кыла ала турган туруктуулук менен өнүгүү керек», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Азырынча Kloop.kgнин журналисттерине Бишкектин көчөлөрүндөгү жарнак такталарын жайгаштырган-жайгаштырбагандыгы боюнча фонддон ырастама алууга мүмкүн болгон жок. Уюмдаштыруу документтеринде көрсөтүлгөн партиянын дареги боюнча башка компаниянын кеңсеси жайгашкан, а байланыш номурлары жеткиликсиз болууда.

Теолог Кадыр Маликов өз билдирүсүндө укук коргоо органдарын жарнак такталарын Кылмыш кодексинин «Диндер аралык жек көрүүчүлүктү тутантуу, диний ишенимдерди шылдыңдоо жөнүңдөгү» беренелер боюнча текшерип чыгууга чакырган.

«Бул абдан опурталдуу оюн! Радикализациянын өсүүсүнө байланышкан дүйнөдөгү жана аймактагы абалды эске алганда, исламдын спецификаларын билбөө, дин белгилери менен динге ишенгендердин сезимдерине карата агрессивдүү мамиле жасоо өтө терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн», — деп жазган Маликов.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Жибек Кенжебекова Kloop.kgге курган маегинде жарнак такталарын тергөө гана «чагым жаратуучу» деп таба ала турганын белгиледи. Анын айтымында, тиешелүү экспертизалардан кийин аны жайгаштырууга буйрутма бергендер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

«Тергөөгө чейинки иш-чаралар деген түшүнүк бар, эгер тергөөгө чейинки иш-чаралар ал маалыматтык тактадан Кылмыш кодексинин 299-беренесинин («Диний касташууну козутууга багытталган аракеттер») белгилерин табышса, анда алар кылмыш ишин козгошот. Андан соң ал маалыматтарды жайгаштырган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат», — деп түшүндүрдү Кенжебекова.

Мэриянын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына жалпысынан шаар боюнча «Кайран эл кайда баратабыз?» деген жазуулары менен беш жарнак тактасы орнотулганын билдиришти.  

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Рамазан айынын аяктагандыгына байланыштуу сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө дин кийимдери коомдо түшүнбөстүктөрдү жаратып жатканын билдирген.

«Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз, эне тилибиз жана улуттук кийимибиз бар. Алар исламдын негизги принциптерине таптакыр каршы келбейт. Ошондуктан коомго жат салттар менен талаптарды, өзгөчө диндик деген себептер менен кийимдерди таңуулоо кыргызстандыктардын арасында түшүнбөстүктөр менен тынчсызданууларды жаратып жатат», — деген ал.

Паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү тартылган жарнак такталары борбордун көчөлөрүндө Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Бишкекке келээрине бир күн калганда пайда болууда. Немис канцлеринин келишине байланыштуу шаарда Меркелдин өзүнүн сүрөттөрү түшүрүлгөн такталар да пайда болгон. Анын сүрөттөрү «Биз сизге кубанычтабыз!», «Кош келиңиз Ангела Меркель айым!» деген жазуулар менен коштолгон.