Бул колонка автордун жеке пикирин билдирет.

Бектур Искендер – Kloopтун негиздөөчүлөрүнүн бири
Бектур Искендер – Kloopтун негиздөөчүлөрүнүн бири

Кыргыз аялдары — негизи эле дүйнөдөгү бардык эле аялдар — өткөн кылымдарда кандай кийинүү керектигин өз алдынча тандап алуу мүмкүнчүлүктөрүнө дээрлик ээ эмес болушкан.

Көптөгөн скептиктерден айрымаланып мен бул жаатта аз болсо да жылыштар болуп жатат деп ойлойм. Кантсе да кыргыз аялдары 1966-жылга, же 1916-жылдарга салыштырмалуу 2016-жылы жеке кийимин тандоодо көбүрөөк эркиндикке ээ.

Анткен менен кээде биздин өлкөдө бизди кайрадан мурдагы кылымдарга алып барууну каалаган «арам тамактар» пайда болуп турат. Эреже катары алар артыкчылыктарга ээ гетеросексуалдык цисгендердик эркектер. Алар, эмнегедир, өздөрүн кыргыз аялдары кандай кийиниши керек экендиги жана өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги боюнча чыныгы билимге ээ катары эсептешет.

Бул абал алардын көз караштарынын бир эмес экендиги менен күлкүлүү. Алар кеминде эки лагерге бөлүнүшүп, өз ара кызуу маалыматтык күрөш жүргүзүп келишет.

Аравия жарым аралынын ультраконсервативдик таасирин жактаган биринчи лагердин өкүлдөрү кыргыз аялдары беттерин жаап, дээрлик Сауд Аравиясындагыдай кийинүүсү керек деп эсептешет.

Экинчи лагердин өкүлдөрү биринчи лагердин өкүлдөрүн абдан жаман көрүшөт. Алар кыргыз аялдары арабдардыкынан кыйла айырмаланган салттуу кыргыз кийимдерин кийиши керек деп эсептешет.

Ал эмес бул боюнча Бишкекте бир канча жарнактардын сериясы илинген:

banner

Эки топтун тең жалпы бир көйгөйү бар. Негизинен эркектерден турган ошол топтор эң башкы нерсени — аялдардан аларга эркектердин андай пикирлеринин керек, же керек эмес экенин сураганды — унутуп калышкан.

Эгер мен кыргыз аялы болсом эмне кылмакмын? Мен жөнөкөй гана кадамга бармакмын.

Мен алардын бардыгын тең үч тамгага жөнөтмөкмүн.

Үч тамгага жөнөтүү — бул метафора, сөзсүз эле сөзмө-сөз, үнүңдү чыгарып жана дал ошол үч тамганы айтуу керек эмес.

Бирок эгер кимдир бирөө силерди абдан тажатып жиберген болсо жана аны үч тамгага жөнөтүү силердин саламаттыгыңарга коркунуч жаратпаса, анда аны сөзмө-сөз айтса да болот.

Силер Филармониянын алдында бачата бийлеп жатасыңар, анан силерге камерачан кайсыл бир макоо келип, силер кыргыз улутун уят кылып жаткандыгыңарды айттыбы? Аны үч тамгага жөнөткүлө да бачата бийиңерди уланта бергиле.

Силер парламент имаратына кыска юбка кийип кирип, анан кайсыл бир депутат андай көрүнүшүңөр менен аны жумуштан алагды кылып жатканыңарды айттыбы? Аны да үч тамгага жөнөтүп, каалаган нерсеңерди кийүүнү уланта бергиле.

Силер жоолук салынып, жүзүңөрдү жаап алдыңар, анан кимдир бирөө силердин элечек кийишиңерди талап кылдыбы? Аны үч тамгага жөнөткүлө да жоолук салынгыңар келсе салынып жүрө бергиле.

Силер элечек кийип алдыңар, анан кимдир бирөө жоолук салынып, жүзүңөрдү жабышыңарды талап кылдыбы? Аны үч тамгага жөнөткүлө да кааласаңар элечек кийүүңөрдү уланта бергиле.

Бутуңардагы жүндү кырууну каалабайсыңарбы? Кырбагыла.

Лифчик жок жүрүүнү каалайсыңарбы? Лифчиги жок жүргүлө.

Чачыңарды кыска алдырып, кызгылт көк түскө боёгуңар келип жатабы? Кыска алдырып, боёгула.

Денеңерге татуировка түшүрүүнү каалайсыңарбы? Аны да жасагыла. Каалабайсыңарбы? Жасабагыла.

Өз денеңерге силер өзүңөр гана ээсиңер жана денеңердин кандай болушу керектигин, кандай кийимдерди кийиши керектигин жана денеңерге кимдин кол тийгизе алаарын силер өзүңөр гана чечесиңер.

Кабатыр болбогула, силер кандай гана кийим кийбегиле, эмне менен гана алектенбегиле баары бир кыргыз аялы бойдон кала бересиңер.

P. S. Бул текст кыргыз аялдары үчүн гана эмес. «Кыргыз» дегендин ордуна каалаган географиялык/этникалык/расалык/социалдык аныктагычтарды коюп койсо болот.

P. P. S. Бул текст аялдар үчүн гана эмес, а бардык адамдарга тиешелүү. Бирок учурда күн тартибинде аялдардын сырткы көрүнүшү жөнүндөгү маселе тургандыктан, мен текстти аялдарга тиешелүү кылып жазууну туура көрдүм.

Сүрөттүн автору: колдонуучу sarflondondunc, Flickr.com, лицензия Creative Commons