Допинг чыры: Орусиялык спортчулар Риодогу Олимпиададан четтетилиши мүмкүн

Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги өз баяндамасында орусиялык спортчулардын допинг колдонгондугун, а алардын сынамдары 2010-жылдан бери алмаштырылып келгендигин билдирди. WADAнын баяндамасы кураманын толугу менен Риодо өтчү 2016-жылкы Олимпиададан четтетилишине себеп болушу мүмкүн.

Эл аралык олимпиадалык комитет Орусиянын Рио-де-Жанейродо олимпиадалык алтын үчүн күрөш жүргүзөөр-жүргүзбөсү маселесин WADAнын баяндамасынын жыйынтыгы боюнча чечет.

WADAнын орусиялык спортчулардын допинг колдонгондугу жөнүндөгү баяндамасы 18-июлда жарыяланды. Баяндаманын авторлорунун бири, юрист Ричард Макларен Орусияда допинг программасын иштеп чыгууга Федералдык коопсуздук кызматы катышканын билдирди.

«Мамлекет тарабынан колдоого алынган допинг-программасы эң бери дегенде 2010-жылдан бери иштеп келген. Ал Ванкувердеги Олимпиададан кийин өнүгүп баштап, кеминде 2015-жылдын августуна чейин иштеген»,— деди ал Швейцариянын Лозанна шаарындагы маалымат жыйынында.

Макларендин айтымында, эксперттер орусиялык спортчулардын анализдеринин үлгүлөрүнөн сийдиктеги туздун курамынын дал келбестигин таап чыгышкан — анда туздун деңгээли кадимки адамдын көрсөткүчүнөн бир топ ашык болгон. Эксперттердин айтымдарында, бул туздун өзүнчө кошулганын, а сынамдардын алмаштырылганын түшүндүрөт.

Эл аралык «Рейтерс» агенттигинин маалыматы боюнча, он өлкөнүн допингге каршы агенттиктеринин өкүлдөрү менен спортчулардын 20 тобу Орусия курамасын Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндардан четтетүү өтүнүчү менен Эл аралык олимпиадалык комитетке кайрылууну пландап жатышат.

Орусиялыктарды алдыдагы олимпиада оюндарынан четтетүү талабына АКШ, Канада, Швейцария, Австрия жана Норвегия өлкөлөрүнүн улуттук допингге каршы уюмдары, ошондой эле Улуттук допингге каршы уюмдардын институту кол коюшту.

Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бах комиссия алгач орусиялык спортчуларга карата айтылып жаткан айыптарды жакшылап карап чыга турганын билдирди.

«Эл аралык олимпиадалык комитет бул ишке тиешеси бар адамдарга же уюмдарга каршы эң каттаал чараларды кабыл алуунун алдында токтобойт»,— деди ал.

Эл аралык гимнастика федерациясы допинг колдонууга каршы, бирок олимпиададан спортчулардын бардыгы тең четтетилбеши керек деп эсептейт. Бул тууралуу уюм өзүнүн твиттер-аккаунтуна жазды.

Орусиялык хоккейчи Павел Буре WADAнын иликтөөсүнө «саясат кийлигишкен» деп эсептейт. Ал Орусия курамасы олимп оюндарына барат деген үмүттө.

«Эгер дүйнө мыктылардын мелдештерин көргүсү келсе, анда албетте Орусия барышы керек. Эрежелердин кимдин бузгандыгы – бул өзүнчө тема, бирок эгер бүтүндөй бир өлкөнү толугу менен четтетип салышса, анда Олимпиада толук болбой калат. Эл аралык олимпиадалык уюм чынында эле көз карандысыз уюм деп үмүттөнөбүз», — деп билдирген ал Би-би-синин журналисттерине.

WADA өз иликтөөсүн Москванын допингге каршы лабораториясынын мурдагы башчысы Григорий Родченков «Нью-Йорк Таймс» басылмасына курган маегинде Орусияда спортчулар үчүн допинг программасы бар экенин билдиргенден кийин баштаган.

WADAнын көз карандысыз комиссиясы 2015-жылдын ноябрында эле Орусияны допингге каршы эрежелерди бузган деп айыптап, Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциацияларынын кеңешине спортчуларды мелдештерден четтетүүнү сунуштаган.

Допинг чыры буга чейин олимп оюндарынан жеңил атлетика боюнча Орусия курамасынын четтетилишинин себеби болуп калган. Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциацияларынын кеңеши мелдештерге алыстыкка секирүү боюнча орусиялык спортчу Дарья Клишинанын гана катышуусуна уруксат берген.