Армян полициясы менен Еревандагы полиция имаратын басып алган куралдуу адамдардын тарапташтарынын ортосундагы кагылышуулар 20-июлда башталган. Анын жыйынтыгында 45 киши жаракат алды, алардын 25и полиция кызматкерлери.

Еревандагы полиция имаратын басып алгандардын тарапташтары 20-июль күнү кечинде митингге чыгышкан — «Азаттык» радиосунун армян кызматынын маалыматы боюнча, демонстранттар 17-июлда полиция штабын басып алышып, андагыларды барымтада кармап отурган куралдуу адамдарды колдоо үчүн чыгышкан.

Басылманын маалыматы боюнча, кырдаал имаратты басып алгандарга тамак-аш өткөрүп берүү өтүнүчү бийлик тарабынан четке кагылгандан кийин курчуп кеткен — демонстранттар полиция кызматкерлерине таштарды ыргытышты, жооп катары укук коргоо органдары көздөн жаш агызчу газ менен аткылашты.

РИА Новости кагылышуунун жыйынтыгында 45 киши жаракат алып, алардын 25и полиция кызматкери экенин билдирди. Башаламандыктардан кийин кеминде 11 киши ооруканага жеткирилген.

Еревандын Эребуни районундагы полиция имаратын 17-июлда басып алышкан — 30 кишиден турган куралдуу адамдардын тобу кайгуул-күзөт полициясынын штабына бастырып кирип барышып, аскердик төңкөрүш жөнүндө билдиришкен.

Алар төрт күндөн бери «Уюмдаштыруу парламенти» кыймылынын лидери жана Карабах кагылышууларынын катышуучусу Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышып, андагы полиция кызматкерлерин барымтада кармап турушат. Сефилян 2016-жылдын 20-июнунда ок-дарыларды мыйзамсыз алууга жана сактоого айыпталып армян полициясы тарабынан камакка алынган.

«Азаттык» радиосунун армян кызматынын билдирүүсү боюнча, имаратка кол салууда бир полиция кызматкери каза болуп, дагы үчөөсү октон жарадар болушкан. Армян полициясынын башчысынын орун басары Унан Погосян бир нече кызматкердин денесине зыян келтирилгенин билдирген.

Полиция штабынын имараты дагы деле курчоодо. Куралдуу адамдарды бийликке баш ийүүгө көндүрүү үчүн алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.