Funai Corporation видеокассеталар менен видеомагнитофондорду чыгарып келген дүйнөдөгү акыркы компания — ушул жылдын июлунун аягынан тарта аларды өндүрүүсүн токтотот, деп жазды америкалык New York Times гезити.

2016-жылдын июлунун аягында Funai Corporation жапон компаниясы видеокассеталар менен видеомагнитофондорду чыгаруусун токтотот. Бул тууралуу америкалык New York Times басылмасы жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, компания өндүрүштүн токтотулушун магнитофондорду чогултуу үчүн тетиктерди издөөдөгү кыйынчылыктар менен түшүндүргөн.

Корпорация өткөн жылы болгону 750 видеомагнитофон чыгарган. Бирок ондогон жылдар мурда алар миллиондоп сатылып келген.

Funai жапон компаниясы 1951-жылы Осаке шаарында пайда болгон. 65 жылдан бери корпорация маалыматтык-байланыш жабдууларын (сыналгы, DVD-плеер жана үй тиричиликке керектүү электрондук приборлор) өндүрүү менен алектенип келет.

Алгачкы видеомагнитофондорун компания 1983-жылы Sanyo деген бренд менен чыгара баштаган. Алар дээрлик 2000-жылдарга чейин популярдуу болуп, кийин алардын ордун DVD-плеерлер ээлей баштаган.

Видеомагнитофондун тарыхы 1943-жылга барып такалат. Анда америкалык Ampex компаниясы телестудияларда пайдаланууга арналган катушкалуу видеомагнитофон чыгарган.

Ал көлөмүнүн чоң жана баасынын кымбат экендигинен улам адамдардын көбү үчүн жеткиликсиз болгон. Алар компания кассеталары менен үйдө көрүүгө ылайыкташкан видеомагнитофондорду өндүрүп баштагандан кийин гана жалпыга жеткиликтүү болгон. Алгачкы советтик видеомагнитофон 1960-жылы пайда болуп, «Кадр» деп аталган.

80-жылдары алар өтө кеңири популярдуулукка ээ болушкан, бирок 90-жылдары санариптик жаздыруулардин, андан кийин 1996-жылы алгачкы DVD-дисктер жана плеерлердин пайда болушу менен кассеталык жабдуулардын технологиялары популярдуулугун жоготкон.