Түрк бийлиги адам укуктары боюнча европалык конвенцияны убактылуу токтото тургандыгын билдиргенден кийин Евробиримдиктин өкүлү Түркияны адам укуктарын сыйлоого чакырды. Бул эки билдирүү тең ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин Түркияда уланып жаткан массалык камакка алуулардын фонунда жасалды.

Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Түркиядагы мугалимдерди, аскерлерди жана журналисттерди массалык камакка алуу аракеттеринин «жол берилгис» экенин билдирди.

Өз сөзүндө Могерини президент Реджеп Тайып Эрдоган башында турган түрк бийлигин адам укуктары менен мыйзам үстөмдүгүн сыйлоого чакырды. Ал акыркы күндөрү Түркияда активдүү талкууланып жаткан өлүм жазасынын киргизилиши өлкөнүн Европа биримдигине мүчө болуп кирүү мүмкүндүгүн жокко чыгара турганын белгиледи.

«Биз Түркияны конституциялык тартипти сактоого чакырабыз жана Европа биримдиги катары мыйзам үстөмдүгүнүн маанилүү экендигин белгилейбиз. Түркия демократияны, адам укуктарын жана эркиндигин сыйлашы керек», — деп билдирди ал.

Могерини Евробиримдик ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин башаламандыктарды уюштурууга жана катышууга шектелген деп 60 миңге жакын киши кармалып же жумуштан алынган Түркиядагы окуялардын өнүгүшүнө көз салып турарын айтты.

Буга чейин ушул сыяктуу эле билдирүүсүн ЕККУнун төрагасы жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жасаган.

Түркиянын дарегине адам укуктарын сыйлоо чакырыктары Эрдоган үч айга өзгөчө абал режими киргизилгенин, а вице-премьер Нуман Куртулмуш өлкө Адам укуктары боюнча европалык конвенцияны убактылуу токтотконун билдиргенден кийин жасалууда.

Эл аралык ЖМКлар түрк бийлигинин аракеттери «авторитардык» болуп баратат жана демократиялык түзүлүшкө «коркунуч жаратып жатат» деп божомолдошууда.

«Түркиянын расмий басылмасына чыккандан кийин күчүнө кире турган өзгөчө абал жаңы мыйзамдарды кабыл алууда, ошондой эле зарыл деп эсептелген укуктар менен эркиндиктерди чектөө же токтотуу чечимдерин кабыл алууда президент менен министрлер кабинетинин парламентти айланып өтүүсүнө мүмкүндүк берет», — деп жазды эл аралык Reuters агенттиги.

Башында Эрдоган турган Түркия бийлиги адам укуктарын бузууга бир канча жолу айыпталган. 2016-жылдын майында Европалык комиссия Түркия сөз эркиндигинин принциптерин сактап, азчылыктардын укуктарын коргоп, соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылгандан кийин гана түрк жарандарынын Шенген аймагына визасиз кирүүсүн жактыра турганын билдирген.

Ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш

Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети 16-июлга караган түнү болгон — алгач козголоңчу аскерлер Босфордогу көпүрөнү ээлеп, Башкы штабдын жана борбордук телеканалдардын имараттарын басып алышкан. Андан соң ал телеканалдар аркылуу бийлик «толугу менен аларга өткөнүн» билдиришкен.

Учурдагы президент Реджеп Тайып Эрдогандын тарапташтары менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө аскер кызматкерлери акырындык менен чегинип, багынып башташкан — Түркиянын башчысы видеобайланыш аркылуу жарандарды көчөгө чыгып, абал тынчыганга чейин аны колдоого чакырган.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардын жыйынтыгында 190 жаран жана 104 козголоңчу каза болуп, дагы бир жарым миңдей киши жаракаттарды алышкан.

Түркиянын бийлиги козголоң уюштурууга учурда Америкада жашап жаткан президенттин мурдагы соратниги жана оппозициялык саясатчы Фетхуллах Гүленди айыптады. Оппозиционердин өзү дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Вашингтондон аны түрк бийлигине өткөрүп бербешин өтүнүүдө.

Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин төңкөрүш жасоо аракетине катышуу жана президент Эрдоганга «жетишээрлик лоялдуу эместиги» үчүн 60 миңге жакын киши кармалып же жумуштан алынышты.