Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Түркияда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин кармалган адамдар кыйноолорго, сабоолорго жана зордуктоолорго кабылып жаткандыгын билдирди. Бийликтин аракеттери адам укуктары жаатында өлкөнү артка жылдырып жатат, деп эсептешүүдө укук коргоочулар.

Amnesty International уюмунун укук коргоочулары ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийинки Түркиядагы абалды «тынчты алган» абал деп баалашты. Буга чейин Түркия бийлиги 16-июлдагы козголоңду уюштурууга жана ага катышууга шектелген 60 миң кишини камакка алып же жумуштан кетирген.

Уюм өзүнүн 24-июлдагы билдирүүсүндө Түркиядагы массалык камакка алууларды адам укуктары жаатында өлкөнү артка жылдырган «массалык репрессиялар» деп атады. Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, кармалгандар кыйноолорго, сабоолорго жана зордуктоолорго кабылып жатышат.

«Amnesty International түрк полициясынын кармалгандарды Анкара менен Стамбулда 48 саат кармап, аларга тамак-аш, суу бербей, медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартып, ошондой эле аларды кемсинтип, коркутуп жаткандыктары тууралуу анык маалыматтарга ээ. Эң болбогондо алардын айрымдары катуу уруп-сабоолор менен кыйноолорго, анын ичинде зордуктоолорго да кабылышкан», — деп жазды уюм.

Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча, камакка алынган адамдарды жактоочулар менен үй-бүлө мүчөлөрүнө жетүү мүмүндүктөрүнөн ажыратышып, алардын адилеттүү тергөөгө болгон укуктарын бузуп жатышат. Уюм кармалгандардын кээ бирлери изоляторлор менен абактарда эмес, а «расмий эмес мекемелерде» кармалып тургандарын белгилөөдө.

Уюм ал көрүнүштөрдү өлкөдө үч айга өзгөчө абал киргизилгендиги жана бийликтин Адам укуктары боюнча европалык конвенцияны аткаруудан баш тарткандыгы менен байланыштырып жатат.

Amnesty International уюмунун директору Жон Дальхюзен өзгөчө абал өлкө бийлигине кыйноолорду колдонуу укугун бербестигин билдирди.

«Amnesty International Түркия бийлигин адам укуктары тармагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга, ошондой эле кармалгандардын укуктарын тепселөө жолу менен өзгөчө абал менен кыянаттык кылбоого чакырат. Кыйноолорду колдонууга тыюу абсолюттук болуп эсептелет, аны шектенүүлөргө кабылтып же убактылуу токтотууга болбойт», — деди ал.

Буга чейин Түркиядагы абал боюнча Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да өз пикирин билдирип, Түркиядагы массалык камакка алуулардын «жол берилгис» экенин билдирген.

Өз сөзүндө Могерини президент Реджеп Тайып Эрдоган башында турган түрк бийлигин адам укуктары менен мыйзам үстөмдүгүн сыйлоого чакырган. Ошондой эле ал акыркы күндөрү Түркияда активдүү талкууланып жаткан өлүм жазасынын киргизилиши өлкөнүн Европа биримдигине мүчө болуп кирүү мүмкүндүгүн жокко чыгара турганын белгилеген.

Түркияда массалык камакка алуулар 16-июлга караган түнү болгон ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин башталган. Андан бери төңкөрүш жасоо аракетине катышуу жана президент Эрдоганга «жетишээрлик лоялдуу эместиги» үчүн 60 миңге жакын киши кармалып же жумуштан алынды.

Кармалгандардын арасында — аскер кызматкерлери, окуу жайлардын окутуучулары, судьялар бар. Андан сырткары бийлик 20дан ашык жаңылыктар сайтына бөгөт коюп, өлкөдөгү 25 басылманын лицензиясын чакыртып алып, 42 журналистти камакка алууга ордер берди.

Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган аскердик төңкөрүш жасоо аракетине учурда АКШда жашап жаткан оппозициялык ишмер Фетуллах Гүленди айыптады. Эрдоган америка бийлигинен Гүленди өткөрүп берүүсүн талап кылды, бирок оппозиционердин өзү Вашингтондон аны түрк бийлигине бербешин өтүнүүдө.