2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу маалында башаламандыктарды уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча Жогорку соттун чечимине нааразы болгондор Базар-Коргон районунда митингге чыгышты.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча Жогорку соттун чечимине каршы нааразычылык акциясы 25-июлда Базар-Коргон райондук акимчилигинин алдында өттү.

«Элим жерим» кыймылынын мүчөлөрүнөн турган 100гө жакын киши Аскаровга карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароо үчүн укук коргоочунун ишин Чүй облустук сотуна жөнөткөн Жогорку соттун чечимине карата нааразычылыктарын билдиришти. Митингдин катышуучулары колдоруна «Азимжан Аскаров — сепаратист», «Адилетсиз соттор кетсин» деген ураандар жазылган кагаздарды кармап турушту.

«Аскаровго, анын ишинин каралышына каршы жүз киши митингге чыкты. Алар ага карата чыгарылган мурдагы чечимдин күчүндө калтырылышын талап кылышты», — деди Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Самара Касымова.

Анын айтымында, митинг тынч өтүп, катышуучулар акимчиликтин имаратынын аймагынан бир сааттан кийин чыгып кетишкен. Касымова чогулгандардын алдына Базар-Коргон районунун акими чыгып, митингчилердин пикирлерин колдой турганын билдирип, алардын өтүнүчүн жогорку органдарга жеткирүүнү убадалаганын кошумчалады.

«Мен ал жакка барганда болжол менен 20дай адам турган. Алардын үн күчөткүчтөрдү жыйнаштырып жатканын көрдүм», — деди жергиликтүү тургун Мунира Сатыбалдиева.

Жогорку сот 12-июлда 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуулар маалында башаламандыктарды уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо үчүн Чүй облустук сотуна жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Сот Аскаровдун ишин 2016-жылдын апрелинде БУУнун адам укуктары боюнча комитети тергөө маалында укук коргоочуга карата кыйноолор колдонулганын түшүндүрүп, аны тез аранын ичинде бошотуу талабын билдиргенден кийин кайрадан кароону чечкен.

Соттун чечими окулгандан кийин жабырлануучу тараптын өкүлдөрү нааразычылыгын билдирип, коргоо тарапка чабуул жасоого аракет кылышкан. Алар өкүмдүн күчүндө калтырылышын талап кылышкан.

«Президент кыргыз элин жана погон менен жүргөндөрдү тепселеди. Эл каякты карап жатат? Президент каякты карап жатат? Депутаттар каякты карап жатышат? Токтакунов Абдирасулова жана Исмаилова менен биргеликте Америкага сатылып кетишти. Алардын баарын отургузуу керек», — деген соттон кийин каза болгон милиционердин карындашы Гүлнара Жусупова.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров — этникалык өзбек — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан укук коргоочу. Ал укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорго арналган макалаларынын аркасы менен белгилүүлүккө жеткен.

Ал 15 жыл бою «Воздух» деген укук коргоо уюмун жетектеп, милиция тарабынан жасалган мыйзам бузуулар жөнүндө жазып келген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулар маалында кармалган. Укук коргоо органдары аны Бишкек-Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын бири деп билдиришкен. Ал окуянын жүрүшүндө милиционерлер сабалып, кызматкерлердин бири өрттөлгөн болчу.

Базар-Коргон райондук соту Аскаровду «массалык башаламандыктарды уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. Сот 2010-жылдын аягында ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок Аскаровдун өзү тагылган айыптарды мойнуна алган эмес жана ал кармалгандан бери ага карата кыйноолор колдонулуп, үй-бүлөсү коркутуп-үркүтүүлөргө кабылганын билдирген.

Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов бир канча жолу укук коргоочунун акталышын талап кылган, бирок Жогорку сот 2014-жылы ишти кайрадан кароодон баш тарткан. Аскаровду укук коргоочулар менен эл аралык уюмдар коргоп башташкан.

Сүрөт: Турмуш