Эл аралык Олимпиада комитети Рио-де-Жанейродогу олимпиадалык оюндардан орусиялык спортчулардын бардыгын четтетпөө чечимин кабыл алды. Айрым Орусия спортчуларынын допинг колдонгонун аныктап чыккан Дүйнөлүк допингге каршы агенттик (WADA) «чечимге ыраазы эмес».

Эл аралык олимпиадалык комитет WADAнын баяндамасынын негизинде Орусия Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндарга катышат деген чечим кабыл алды. Комитеттин чечимине ылайык, ар бир спортчунун катышаар-катышпастыгын спорттун ар башка түрлөрү боюнча спорттук федерациялар карашат.

«Биз өтө катуу бир нече критерийлерди киргиздик, эгер орусиялык спортчулар Риодогу Олимпиадага катышууну кааласа анда аларга жооп бериши керек», — деп билдирди Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бах.

Документке ылайык, кайсыл бир кездерде допинг колдонгон спортчулар олимпиадалык оюндарга катыша алышпайт.

«Орусиянын Олимпиада комитетининин качандыр бир кездерде допинг колдонгондугу үчүн жазаланган спортчуларды Олимпиадага алып баруусуна уруксат берилген жок», — деп жазды Би-би-си документтин үзүндүсүн.

WADA башчысы Крейг Риди өзүнүн расмий билдирүүсүндо агенттик олимпиадалык комитеттин чечимине ыраазы эмес экенин айтты.

«WADA Эл аралык Олимпиада комитетинин Макларендин иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарына негизделген сунуштарды аткарбагандыгына ыраазы эмес. Бул күчтүү, жөнөкөй жана бирдиктүү ык-амалды камсыз кылмак», — деди ал.

WADAнын орусиялык спортчулардын допинг колдонгондуктары жөнүндөгү баяндамасы 18-июлда жарыяланган. Баяндамасынын авторлорунун бири, юрист Ричард Макларен спортчулардын анализдерин алмаштырууга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү түздөн-түз катышкандыгын билдирген.

«Мамлекет тарабынан колдоого алынган допинг-программасы эң бери дегенде 2010-жылдан бери иштеп келген. Ал Ванкувердеги Олимпиададан кийин өнүгүп баштап, кеминде 2015-жылдын августуна чейин иштеген»,— деген ал Швейцариянын Лозанна шаарындагы маалымат жыйынында.

WADA өз иликтөөсүн Москванын допингге каршы лабораториясынын мурдагы башчысы Григорий Родченков «Нью-Йорк Таймс» басылмасына курган маегинде орусиялык спортчулардын допинг колдонгонун, бирок ал фактылар спортчулардын анализдерин «тазаларына» алмаштырып койгондуктан жашырылып келгенин билдиргенден кийин баштаган.

WADAнын көз карандысыз комиссиясы 2015-жылдын ноябрында эле Орусияны допингге каршы эрежелерди бузган деп айыптап, Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциацияларынын кеңешине спортчуларды мелдештерден четтетүүнү сунуштаган.

Допинг чыры буга чейин олимп оюндарынан жеңил атлетика боюнча Орусия курамасынын четтетилишинин себеби болуп калган. Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциацияларынын кеңеши мелдештерге алыстыкка секирүү боюнча орусиялык спортчу Дарья Клишинанын гана катышуусуна уруксат берген.

Сүрөт: Лондондогу Олимпиада оюндарынын расмий сайты