Американын Флорида штатындагы кол салуу 25-июль күнү эртең менен болду — белгисиз адам Форт Майерстеги жергиликтүү клубдагы адамдарга карата ок чыгарган. ЖМКлардын маалыматтары боюнча, кол салуудан эки киши каза болуп, дагы 16сы жаракат алды.

Окуя 25-июль күнү эртең менен Флорида штатынын Форт Майерс шаарындагы Club Blu клубунда болду. The Telegraph британ басылмасы белгисиз адам клубга кирип, андагыларга карата ок чыгарганын билдирүүдө.

The Telegraphтын маалыматы боюнча, кол салуу маалында клубда өспүрүмдөр үчүн кече өткөрүлүп жаткан, ошондуктан жаракат алгандар 13 жаштан жогорку курактагы жаштар. Кол салуунун жыйынтыгында эки киши каза болуп, 16сы түрдүү деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.

Күбөлөрдүн айтымдарында, анда 30га жакын ок атуунун үнү угулган.

«[…] Адамдар ыйлап, кыйкырып жатышты. Полиция келери менен бардыгы тең жакынкы шаардык ооруканага жеткирилишти», — деди күбөлөрдүн бири.

«Ал жин тийген үй болду, бардык жеринде адамдар чуркап жүрүштү. Алар досторунун аман-эсендигин билүү үчүн алардын ысымдарын айтып чакырып жатышты. Көбү ата-энелерине телефон чалышты», —деп жазды Russia Today башка күбөнүн айткандарын.

The Telegraph жергиликтүү ЖМКларга шилтеме жасоо менен кол салгандар экөө болгонун билдирүүдө — алардын бирөөсү полиция тарабынан колго түшүрүлдү. Азырынча анын тек-жайы аныктала элек.

Флоридадагы аткылоо Орландо шаарындагы кол салуудан бир жарым ай өткөндөн кийин болууда — 12-июнда жашоочулардын бири 300 адам бар Pulse гей-клубуна кирип барып аткылаган. Анын жыйынтыгында 50 киши каза болуп, дагы 53ү жаракат алган.

Кол салган адам Флоридада жашап, G4S күзөт кызматында иштеген АКШнын 29 жаштагы жараны Омар Саддики Матин болуп чыккан. Америкалык ЖМКлар ал терактты 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийинки эң ири трагедия деп аташкан.

АКШ президенти Барак Обама төрт күнгө созулган расмий аза күтүү жарыялаган. Ал бардык штаттарда мамлекеттик желектерди төмөн түшүрүүгө буйрук берип, демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтонду колдоо митингине барбай турганын билдирген.

Дүйнө лидерлери каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтышып, адамдардын массалык өлтүрүлүшүн айыпташкан. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Обамага көңүл айтып, «катаал» жана «үрөй учурган терроризм актысын» айыптай турганын билдирген.