27-июль күнү Бишкектин Жаштар аллеясында ачылган  DOXA сүрөтчүлөр тобунун жаңы арт-инсталляциясы бийиктиги эки метр болгон көз айнек көрүнүшүндө.

Бийиктиги эки жана узундугу алты метрди түзгөн көз айнекти элестеткен арт-инсталляцияны орнотуу 21-июлда Бишкектин Жаштар аллеясында башталган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул жылдын апрелинен тарта эле камылга көрүлө баштаган.

IMG_8831

Инсталляция DOXA арт-тобу тарабынан ишке ашырылды. Анын өзгөчөлүгү опт-арт концепциясынын пайдаланылгандыгында. Көз айнектин маңдайына туруп аны караганда «Өз укуктарыңды коргоо үчүн аларды билүү керек» деген абада калкыган жазууну көрүүгө болот. Ал 3D форматында таш плиткаларга кыргыз жана орус тилдеринде тартылган — көз айнек ал жазууларды туура ракурста көрүүгө жардам берет.

IMG_8809

IMG_1309

«Көз караш» долбоорунун координатору Айжан Боронбаева бул жаштарга алардын адам укуктары маселесинде сокур (кабары аз же таптакыр кабары жок) экендиктерин көрсөтүүнүн өзгөчө ыкмасы экенин айтты.

«Көздү ачуу» үчүн Конституция тарабынан бекитилген укуктарыбызды билишибиз керек. Негизги маанини берүүнүн арт-инсталляция ыкмасы таасирдүү, анткени ал жаштар менен бир тилде сүйлөшөт жана кызыгуу жаратат», — деп эсептейт ал.

Топтун сүрөтчүсү Сергей Келлердин айтымында, көз айнек жөн гана кооз объект эмес, ал өзүнүн символикасын ээ.

«Алар көчөдөн өтүп бара жаткан адамдардын көңүлүн алыстан эле бурат. Адам жакын келип карап, андан адам укуктары темасындагы жазууну көрөт. Көз айнек адамдын бир нерсени жакшылап көрүүсүнө жардам берген нерсени символдоштурат», — деди ал.

IMG_1288

Арт- инсталляция адам укуктарын чагылдырган Youth Action Fund уюмунун колдоосу алдында, «Сорос — Кыргызстан» фондунун каржылык көмөктөшүүсү жана IDEA CA дебат ассоциациясынын буйрутмасы менен жасалды.

Автор: Бегимай Исаева
Сүрөт: Азирет Туратбеков, Адилет Канат уулу, Ууржан Молдокулов, Сезим Каныбекова