Сейилбактагы көчө китепканасы [+сүрөт]

Бишкек шаарындагы «Жаңгак токою» эс алуу багында 50дөй китеп менен алгачкы ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды. Kloop.kgнин кабарчылары көчө китепканасына барып келишкен.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан көчө китепканасын «Инсан таануу» коомдук бирикмеси ачкан. Бирикменин төрагасы Элдос Шерматов жаштарды китепке тартуу максатын койгонун айтат.

Bishkek_Street_Library (6) Bishkek_Street_Library (4)

«Негизиги максаты — китеп окубаган жаштарды китепке тартуу, анан маданияттуулукту орнотуу, сабаттулукту жогорулатуу, андан тышкары азыр уруулук көбөйүп кетпедиби, ошол уруулуктун алдын алуу. Себеби, китептер көчөдө 24 саат бою ачык турат», — дейт ал.

Bishkek_Street_Library (8) Bishkek_Street_Library (1)

Көчө китепканасынан кыргыз жана орус тилдериндеги ар кайсы мазмундагы китептерди табууга болот. Анда адабий-көркөм чыгармалардан тартып маалыматтык-укуктук китептерге чейин эмгектер бар.

Bishkek_Street_Library (3)

Көчө китепканасын кайтарган киши жок, окурмандар китептерди өздөрү алып окуп, кайра ордуна коюп коюшат. Китептер окурмандар тарабынан толукталып турат.

Мындай көчө китепканасын алгачкы жолу Ош шаарында ушул эле жылы китеп күнүнө карата 23-апрелде ачылган. Ал эми Бишкек шаарында 15-июль күнү ачылды.

Bishkek_Street_Library (2)

Ош шаарында көчө китепканасы биринчи ачылганына жана борбордук бөлүгүндө жайгашкандыгына байланыштуу ал жерде окурмандардын саны көбүрөөк экенин айтат негиздөөчүлөр.

Bishkek_Street_Library (5)

«Инсан таануу» коомдук бирикмесинин төрагасы Элдос Шерматов Kloop.kgге мындан ары көчө китепканаларын Кыргызстандын бардык аймактарына жайылтуу планы бар экенин кошумчалады.

Даярдагандар: Азима Нурбек кызы жана Элнура Тажиева