Чөптөгү эртең мененки шүүдүрүм, курт-кумурскалардын жашоосу жана канттын кичинекей бөлүктөрү — бишкектик фотосүрөтчү Виктор Рехемяе адаттагы нерселерди жаңыча жана башка жагынан көрсөтөт.

Рехемяе макросүрөткө тартуу менен он жылга жакын убакыттан бери алектенет. Өз кызыгуусун ал курчап турган чөйрөнү жакшыраак түшүнүү аракети менен түшүндүрөт.

«Башка көптөгөн адамдар сыяктуу эле мени да ийнеликтин беш көзү бар экендиги абдан таң калтырды. Биз эки көзгө көнүп калганбыз да, а анын башынын борбордук бөлүгүндө дагы үч чекит бар — көрсө алар да көздөрү экен. Ошондой эле аары, жаачы сыяктуу көптөгөн курт-кумурскалар да кошумча көздөргө ээ», — деди фотосүрөтчү макросүрөткө тартуунун аркасы менен жетишкен жеке ачылыштары жөнүндө.

streko1_filtered

Анын айтымында, көптөгөн адамдар ойлогондой макросүрөт тартуу үчүн өтө кымбат техникага ээ болуу зарылдыгы жок — өз объективин Рехемяе эки советтик фотоаппараттан чогулткан. Ал үчүн үч миң сомдон ашпаган акча короткон.

«Мен анын баасынын канча экенин айтканда көбүнчө абдан таң калышат. «Мындай баага жабдуу сатып алып, аны менен кантип ушундай макро тартууга болсун?», деп сурашат, — дейт ал.

Фотосүрөтчү кызыктуу макросүрөттөр үчүн көптөгөн аракеттер керек экенин айтат — кээ бирде ийгиликтүү кадрды кармап калуу үчүн Виктор бир канча саат убактысын коротот.

IGP7842_1

IGP4480_11

Виктордун төрт сааттык аракетинен кийин жаралган кумурскалардын сүрөттөрүнүн бири National Geographic Орусия сайтында күндүн сүрөтү деп табылган.

IMGP8493_2_filtered

Видео: Александра Ли, Светлана Зеленская