29-июлда Азербайжан бийлиги Түркия тарабынан аскердик төңкөрүш уюштурууга айыпталып жаткан түрк оппозиционери Фетуллах Гүлендин маегин эфирге чыгаргандыгы үчүн жергиликтүү ANS телеканалын жапты.

29-июлда азербайжан соту ANS (Azərbaycanın son xəbərləri — Азербайжандын соңку жаңылыктары) жеке телеканалын лицензиясынан ажыратууну талап кылган Телевидение жана радио боюнча улуттук кеңештин доо арызын канааттандырды.

ANS Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетин ардактап, башаламандыктарды уюштурууга айыпталып жаткан оппозициялык саясатчы Фетуллах Гүлендин маегин эфирге бергенден кийин кеңеш каналдын эфирге чыгуусун убактылуу токтотуп, ага каршы сотко доо арыз берген.

Өзүнүн расмий билдирүүсүндө кеңеш каналдын жетекчилигинин позициясы түрк бийлигинин саясатын колдогон бийликтин позициясына «каршы келе турганын» белгиледи.

«(Канал) түрк мамлекети менен өкмөтүнө каршы багытталган пропаганда жүргүздү, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген кандуу окуяларды уюштурган Фетуллах Гүлен менен анын тарапташтарына колдоо көрсөттү», — деп жазды «Би-Би-Си» кеңештин билдирүүсүн.

Буга чейин Азербайжан түрк бийлигинин сунушу менен оппозициялык саясатчы Фетуллах Гүленге тиешелүү болгон өлкөдөгү бир катар түрк окуу жайларын жапкан.

«Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин дароо эле күтүлгөндөй бир тууган Азербайжан бизге чоң колдоо көрсөттү. Азербайжан бир туугандар телефон аркылуу гана эмес, а жасаган кадамдары менен Түркиянын жанында экендиктерин дагы бир жолу көрсөтүштү. Мына, ушунун өзү бир туугандык. Биздин элдердин биримдиги ушуну талап кылууда», — деген анда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.

Ишке ашпай калган төңкөрүш

Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети 16-июлга караган түнү болгон — козголоңчу аскерлер Босфордогу көпүрөнү ээлеп, Башкы штабдын жана борбордук телеканалдардын имараттарын басып алышкан. Андан соң ал телеканалдар аркылуу бийлик «толугу менен аларга өткөнүн» билдиришкен.

Бирок түрк бийлиги эртең мененкиге чейин козголоңду басууга жетишкен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардан 190 жаран жана 104 козголоңчу каза болгон, андан сырткары дагы эки миңге жакын киши түрдүү жаракаттарды алышкан.

Түркиянын бийлиги козголоң уюштурууга учурда АКШда жашап жаткан президенттин мурдагы соратниги жана оппозициялык саясатчы Фетхуллах Гүленди айыптаган. Оппозиционердин өзү дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Вашингтондон аны түрк бийлигине өткөрүп бербешин өтүнгөн.

Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин бийлик төңкөрүш жасоо аракетине катышуу жана президент Эрдоганга «жетишээрлик лоялдуу эместиги» үчүн 60 миңге жакын кишини кармап же жумуштан алган.

Төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Мевлүт Чавушоглу союздаш өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды да Гүленге тиешелүү окуу жайларды жабууга чакырган, бирок кыргыз дипломаттары мамлекеттик деңгээлде өз алдынча чечим чыгарууга укуктуу экендиктерин билдирип жооп беришкен.

«Биринчи кезекте Кыргызстан эмненин жакшы жана эмненин жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жеткен көз карандысыз, эгемендүү өлкө. Кайсыл бир өлкөнүн тышкы иштер министринин башка бир өлкөгө тигил же бул аракеттерди көрүшү керектигин ультиматумдар менен опузанын тилинде көрсөтүүсүн туура эмес деп эсептейбиз», — деп билдиришкен алар.