Нарын базарындагы өрт: 4 контейнер күйүп кетти, жабыркагандар жок

Нарын шаарындагы Он Арча базарындагы төрт контейнердин ички жыгач жасалгалары электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталбаганынан улам күйүп кеткен. Куткаруучулар өрттөн адамдардын жашоосуна зыян келбегенин билдиришти.

Нарын шаарынын борбордук базарында 28-июль күнү саат 12де башталган өрттөн эки кабаттуу болгон төрт контейнер күйүп кеткен. Шаардык өрт кызматынын жетекчиси Самарбек Абдрахмановдун Kloop.kgге билдиришинче, буга өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаганы себеп болгон.

Narynbazaar_fire (2)
Контейнерлердин өрт өчүрүлгөндөн кийинки абалы. Өрттү өчүрүүгө бир жарым саат убакыт кеткен.

«Ширеткич менен иштеп жатышкан, астында пенопласттар бар болчу. Ширеткичтин чогу барып пенопласттарга түшкөн, ошондон өрт чыккан. Жабыркаган адамдар болгон жок», — деди ал.

Өрттөн жалпы 160 чарчы метр аянтты ээлеген төрт контейнер күйгөн.

Авторлор: Бегимай Талантбек кызы, Жаңылай Толкунбек кызы