Желектер илинген мегаполис, «элге таандык болгон бийлик» жана өз нугу менен өтүп жаткан жашоо — Kloop.kgнин кабарчысы Азат Рузиев 16-июлга караган түнү козголоңчу аскерлер төңкөрүш жөнүндө билдирип, аткылоолорду баштаган окуядан кийинки Стамбул жөнүндө айтып берет.

Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Азат Рузиевдин атынан жүрөт

Түркиядагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин бийлик он миңдеген адамдарды камакка алып, өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизди. Эл аралык жана жергиликтүү ЖМКлар жаңы камакка алуулар жөнүндөгү жаңылыктарга толгон, бирок өлкөнүн ири шаарларынын бири болгон Стамбулда жашоо өз нугу менен уланууда — борбордук көчөлөрү жумушка, окууга же башка иштери менен шашып бара жаткан адамдарга толгон.

IMG_1421

Эгер ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш маалында тартылган кадрларды көрсөтүп, козголоң чыгарууну жетектеген делинген генералдарды айыптап жаткан телеканалдар жок болгондо өлкөдө эч нерсе болгон эмес деп да ойлоого болот эле.

IMG_1503

Жергиликтүү телевидение видеокөзөмөл камераларына тартылып калган аскер кызматкерлеринин адамдарга каршы ок чыгарып, а аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн өз аскердик дипломдорун жыртып жаткандыктары тартылган кадрларды көрсөтүүдө.

Шаарга келгенде мен мында өтө көп сандагы аскерлер менен полиция кызматкерлерин көрөм го деп ойлогом, бирок шаар көчөлөрүндө алар анча көп эмес болуп чыкты. Стамбулда тынчтык өкүм сүрүп турду, болгону Ататүрк аба майданынын алдында гана күзөтчүлөр автоунааларды токтотушуп, документтерин текшерип жатышты.

IMG_1638

Куралдуу адамдар имараттын ичинде жана сыртында ары-бери басып жүрүштү — 200дөн ашык кишинин өмүрүн алып кеткен акыркы теракттан кийин мында көзөмөл кыйла күчөтүлгөн өңдүү.

Эскертүү: Эгер силер бул өлкөгө келүүгө камынып жаткан болсоңор, анда үч айга созулчу өзгөчө абал режиминин айрым маанилүү пункттарын билип алганыңар жакшы болот — өлкөдө камендаттык саат күчүндө, жаныңарда дайыма документиңерди алып жүргүлө, анткени полиция сутканын каалаган убагында силерди токтотуп, документиңерди текшериши мүмкүн.

Качан мен шаар борборуна жеткенимде Стамбул толугу менен, өзгөчө «Таксим» аянты өлкөнүн кичинекей жана чоң желектери менен илинип кооздолгонун көрдүм. Турак үйлөрдүн балкондорунда, коомдук транспорттордо, жеке унааларда жана бизнес-борборлордо кызыл фондогу жарым ай менен жылдыз көзгө урунуп турду.

IMG_1571

IMG_1187

IMG_1115

IMG_1078

IMG_1070

Көз ирмемге менде шаарга толугу менен илүү үчүн мындай сандагы желектерди түнү менен тигип чыгышканбы деген сезим пайда болду. Желектердин катарында «hakimiyet milletindir» деген ураандар жазылган, түрк тилинен которгондо алар «бийлик элдики» дегенди түшүндүрөт.

IMG_1440

IMG_1093

Ураанды Түркиянын алгачкы президенти Мустафа Кемаль Ататүрктүн сүрөтү бар монеталарда да кездештирүүгө болот. Бирок азыркы учурда өлкөдө болуп жаткан нерселерди ал ураандын карама-каршысы деп гана айтууга болот.

Мамлекет тарабынан нускаланып илинип жаткан ураан учурда маалымат каражаттарына бөгөт коюп, окуу жайларды жаап, «башкача ой жүгүрткөндөрдү» жок кылып, автократияны орнотууга бардык аракеттерин көрүп жаткан бийликтин кылгандары менен таптакыр дал келбейт.

IMG_1546

Аскердик төңкөрүш аракети токундоолордон коркпостон Адам укуктары боюнча европалык конвенциянын аракеттерин токтото турууга белсенген Эрдоганга көбүрөөк күч жана ишенимдүүлүк гана берип жаткан сыяктуу.