Шаан-шөкөттүү үлпөт тойдун ордуна кайрымдуулук

Бишкек шаарынын тургундары үйлөнүү үлпөт тойдун ордуна жардамга муктаж 30 балага мектепке керектүү кийим жана буюмдарды алып беришти.

Charity_wedding (2)

Кайрымдуулукка багытталган үлпөт Жал кичи районундагы жаңы салынган Абдулкерим Сатук Бугра Хан мечитинин алдында 29-июлда болду. Жаңы үйлөнүп жаткан жаш жубайлар сейилдөөнүн ордуна жардамга муктаж болгон үй бүлөлөргө жардам берүүнү чечкен.

Charity_wedding (1)

Той ээси Азат Аманов мындай кадамга баруу менен ата-бабалардын салтынан кайтпаганын, ашыкча пайда болуп жаткан чыгымдардан баш тартып жатканын айтат.

Charity_wedding (3)

«Биринчиден кыргыздын салттарында той деген нерсе бар, той деген бул жакшы нерсе. Тойду биз жойгон жокпуз. Досторубузду, туугандарыбызды, кошуналарды тамак берип чакырып атабыз. Той берүү биздин ата-бабабыздан калган салтыбыз — бул бата алуу. Бирок биз жанакы лимузин, арак, музыка, ысырапчылыкты жоюп атабыз», — дейт ал.

Charity_wedding (5)

Жубайлар мектепке даяранып жаткан 30 балага жардам беришкен. Балдардын ар бирине үч миң сомдун тегерегинде акча кеткенин айтышат. Балдардын тизмесин алар Социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу такташкан.

Charity_wedding (6)

Үйлөнүү тоюна Аламүдүн районунун тургуну Салимбек Бакиров беш баласынын экөөсүнө мектепке керектүү кийим-буюмдарды алганы келген.

Charity_wedding (8)

«Ошол кайрымдуулук жасаган жаштарга бакыт тилейбиз. Менде деле беш балам бар, үчөө окуйт. Мына экөөнө жардам болду. Ушундай жигиттер көп болсун бизде, Кыргызыстанда», — деген тилегин айтты Бакиров.

Авторлор: Нурислам Жанибеков, Өмүрбек Нурматов