Ысык-Көлгө туулган күнүн белгилөө үчүн Орусиянын Томск шаарынан келген үй-бүлө унаа кырсыгына кабылды — орусиялыктын унаасына кыргызстандыктын унаасы каршы тилке менен келип сүзүлгөн.

Кырсык 29-июль күнү кечинде болгон — көлдүн түштүк жээгиндеги Жети-Өгүз районунда эки унаа сүзүшкөн. Алардын биринде Кыргызстанга туулган күнүн белгилөө үчүн келген орусиялык турист Александр Пановдун үй-бүлөсү, экинчисинде — кыргызстандык Алтынбек Садыковдун үй-бүлөсү болгон.

Панов Kloop.kgге унаалардын кагылышуусун болтурбай коюуга мүмкүн эмес болгонун, анткени Садыковдун унаасы күтүүсүздөн эле каршы тилкеде пайда болгонун билдирди.

«Эски «Ауди-100дү» башкарган кырсыктын күнөөкөрү көздөрүн алайтып карап, кечирим сурады. Ал бир аз алаксып кетип, кантип кырсык болгонун түшүнбөй калганын айтты. Оорукана. Аялым экөөбүздү үстүртөн карап, менин сыйрыктарымды таңып, аялымды рентгенге түшүрүп туруп кое беришти», — деп жазды Панов Kloop.kgнин редакциясына.

Өз катында Панов Кыргызстанга көптөн бери келгиси келип жүргөнүн, бирок дайыма «өлкөдөгү коррупция, чек аралардагы абийирсиз пара талап кылуулар жана жалпы тартипсиздиктер тууралуу көптөгөн пикирлер коркутуп келгенин» белгилеген. Ал кыргыз бийлиги туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн аракеттерди көрбөй тургандыгын кошумчалады.

«Кандай гана окуя болбосун орусиялык турист өзүнө гана ишенип, жаралган көйгөйлөрдөн өз алдынча чыгышы керек болот. Кандайдыр бир талаш-тартыштарда, доолашууларда жергиликтүү калк бийликтин толугу менен баарына жол берип жатканын көрүп, өз артыкчылыктарын сезип, туристтик алдында эч кандай жоопкерчилик албайт», — деп жазды ал.

Жабырланган турист унаасын Орусияда эле камсыздандырууга аракет кылганын, бирок компаниялардын бардыгы тең башка өлкөлөрдүн аймагында болушу мүмкүн болгон кокустуктардан камсыздандыруудан баш тарткандыктарын айтты.

«Маалыматка ээ эместердин эсине салып коеюн, Кыргызстанда дагы деле айдоочунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жок», — деди турист.

Панов кыргызстандык айдоочу келтирилген чыгымдын жарымын, бирок 200 миң сомдон ашык эмес сумманы төлөп берүүнү убадалап, бирок кийинчерээк байланышка чыкпай калганын белгиледи.

«Тергөөчү иш жүргүзүү 10 күндөн бир айга чейин созулуп, андан кийин документтер сотко жөнөтүлө турганын айтууда. Анан соттун чечими менен күнөөкөр ай сайын 300 сомдон өмүр бою төлөп берет окшойт. Же таптакыр төлөбөйт», — деп жазды Панов.

Жети-Өгүз РИИБсинин тергөөчүсү Шайынбек Асанов Kloop.kgге курган маегинде унаа кырсыгына каршы тилкеге чыгып кеткен Садыков аттуу жаран күнөөлүү болгонун билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдөн кийин жол эрежесин бузган адам туристтин үй-бүлөсүнө 150 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп, унаасын Казакстанга чейин жеткирип берүүгө макул болгон.

«Биздин Чоң-Жаргылчак деген айылыбызда чукул бурулуш бар […] [Андан улам] «Аудинин» айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен. Ал жол кырсыгы болгондон кийин дароо эле күнөөсүн мойнуна алган», — деди Асанов.

Садыковдун өзү кырсыктан кийин тогуз жаштагы кызынын ооруканада экенине байланыштуу бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Пановдун айтымында, автоунааны оңдоонун болжолдуу баасы жети миң долларга жакын сумманы түзгөн, а ага төлөп берүүнү убадалап жаткан компенсациянын көлөмү алдыдагы чыгымдардын төрттөн бирин гана түзүп калууда.

«Баары тең эле: «Канча берсе ошончо ала бер, антпесе кийин таптакыр эч нерсе ала албай каласың», деп айтып жатышат». Жок дегенде бир нерсе алып, азыраак чыгым болуш үчүн мен ушундай чечим кабыл алууга аргасызмын», — деди ал.

Бул Орусиядан келген туристтер Кыргызстанда жагымсыз учурларга кабылган алгачкы учур эмес. Июлдун башында милиция формасын кийген кишилер Орусиядан келген үй-бүлөнү тоноп кетишкен.

Милиционербиз деген адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин үй-бүлө капчыгындагы 1000 долларга жакын акчанын жоголуп кеткенин байкаган.

Ал окуя ЖМКлар менен социалдык түйүндөрдө кеңири чагылдырылган — кыргызстандыктар туристтерге акча чогултуп берүү боюнча өнөктүк башташкан, а премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окуяны териштирип, өлкөнүн жарандары менен меймандарынын коопсуздуктарын камсыздоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырган. Кийинчерээк өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштыргандар укук коргоо органдары тарабынан кармалышкан.