Сүрөт: Куурчактардын көргөзмөсү

Борбор калаадагы көркөм сүрөт музейинде алгачкы жолу куурчактардын көргөзмөсү өтүүдө. Анда 100дөн ашуун куурчак көргөзмөгө коюлган.

Exhibition_Dolls (4)

Exhibition_Dolls (8)

Exhibition_Dolls (9)

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев көркөм сүрөт музейинде куурчактардын көргөзмөсү 7-августка чейин өтмөкчү. Көргөзмөгө жергиликтүү кол өнөрчү жана уз-чеберлер жасаган куурчактардын сегиз коллекциясы коюлган.

Exhibition_Dolls (6)

Exhibition_Dolls (11)

Көргөзмөнүн уюштуручусу Мээр Кошоева бул иш-чарага үч ай даярданышканын айтты. Катышучулар сынак аркылуу тандалып алынган.

Exhibition_Dolls (18)

Exhibition_Dolls (13)

Куурчактардын арасында балдар үйүндө тарбияланган жаш кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да бар.

Exhibition_Dolls (3)

Exhibition_Dolls (1)

Exhibition_Dolls (16)

Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова өз колу менен жасаган «Манас» жана «Курманжан Датка» коллекцияларын көргөзмөгө алып келип катышууда. Ал бул өнөр менен 40 жылдан бери алектенип келе жатканын кошумчалады.

Exhibition_Dolls (2) Exhibition_Dolls (15)

Иш-чаранын аягында көргөзмөгө коюлган эмгектердин арасынан мыктылары тандалып, чет өлкөдө боло турган көргөзмөгө жолдомо алмакчы.

Exhibition_Dolls (14)

Exhibition_Dolls (2)

Авторлор: Азирет Туратбеков, Адилет Канат уулу, Ууржан Молдокулов.