Ошто чет өлкөлүк тасмалардын премьераларын көрсөтчү 3D-кинотеатр пайда болот, деп убадалады «Семетей» кинотеатрынын директору. Учурда Оштогу кинотеатрларда дүйнөлүк жаңы тасмалар көрсөтүлбөйт, болгону ата мекендик өндүрүштөгү тасмалар гана коюлат.

«Семетей» кинотеатрынын директору Дамир Нарматов Kloop.kgге чет өлкөлүк тасмалардын премьераларын 3D форматында көрсөтүү үчүн кинотеатрдын имаратын кайрадан жабдуу пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 3D-зал 2017-жылдын ортосуна же аягына чейин пайда болот. Нарматов «Семетей» кинотеатры буга чейин чет өлкөлүк тасмалардын премьераларын көрсөтүп келгенин, бирок суроо-талаптын аздыгынан көрсөтпөй калганын айтты.

«Мен Ошто кыргыз тасмаларын биринчилерден болуп көрсөтө баштагам. Бишкекке, башка өлкөлөргө барып, ал жактагы кинотеатрларды көрүп келгем», — деди «Семетейдин» директору.

Ал «бир нече маселе» калганын, алар бүткөндөн кийин кинотеатр менен залдарды 3D форматта жасоо иштери баштала турганын кошумчалады.

«Андан кийин Ошто да Бишкектегидей, башка өлкөлөрдөгүдөй заманбап кинотеатр пайда болот. Бардыгы бир жылдын ичинде бүткөрүлөт […] Жаңы кинотеатрда голливуддун жана башка чет өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт», — деди Нарматов.

«Семетейдин» директору кинотеатр реконструкциялангандан кийин чет өлкөлүк тасмаларга болгон суроо-талап жогору болот деген үмүттө — ал имаратты көңүл ачуу борбору катары кайрадан жабдып чыгууга белсенүүдө.

Жакында эле Кыргызстандагы ири «Синематика» кинотеатрлар түйүнү «Фэйсбуктагы» баракчасына Ош шаарын көздөй кеңейүү пландары жөнүндө билдирди. Азыр «Синематиканын» кинотеатрлары Бишкекте гана бар.

«Оштун бизди күтүп жатканын билебиз. Ал долбоор биздин пландарыбызда бар, азырынча анын так мөөнөттөрү тууралуу айта албайбыз, бирок оштуктарды жакшы жаңылыктар менен кубантууга бардык аракеттерди көрүп жатабыз», — деп жазды «Синематика» «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Ошто «Семетей» кинотеатрынан башка дагы эки кинотеатр бар — «Ак-Буура» жана «Кыргызстан». Азыр андагы үч кинотеатрда тең ата мекендик өндүрүштөгү тасмалардын гана премьералары көрсөтүлөт.

Авторлор: Нуртаза Абдиев, Тилек Сыдыков жана Дастан Турдалиев