Түштүк борбор менен тааныш болбогон бир конок келсе Оштун автомобилдик кыймылынын дээрлик үчтөн бирин, ири жип жана седандардын арасында эптүү манёвр жасашкан, чакан аз литраждуу унаалар түзөөрүнө таңдануу менен күбө болушу мүмкүн.


Оштун Жол каражаттарын каттоо департаментинин маалыматына ылайык, оштуктардын арасында беш орундуу 1,2 литрге чейинки кыймылдаткычтуу «Дэу Матиз» хэтчбэги кеңири жайылган.

Мындай маркадагы унаанын саны шаарда 7516ны түзөт. Жалпы жеңил унаалардын саны болсо — 56 миң.

«Дэу Тико» популярдуулугу боюнча өзүнөн кийинки муундагы «Матизге» орун берчүдөй эмес. Ош шаарында катталган «Тиколордун» саны 7509ду түзөт.

Кыргызстанагы аз литраждуу унаалардын популярдуулугу Гүлжигит Сатыбековдун «Тико» аттуу чыгармасында ырдалат.

Чоңойгондо жип болом
Билесиң го азыр атым тико
Көчөлөрдө арзан такси — тико,
Бир бечара байкуш дебе — тико.
Матиз деген эжем бар,
Дамас деген акем бар,
А мен болсо балакаймын — тико

Унаа сатуучусу Кыял Шарипов Ошко «Матиздерди» алып келүү менен алектенет. Бул маркадагы колдонулган унааны Орусиядан 100 миң сомго алып келээрин айтат.

«Биз бул жерде унааны оңдоп, 120-130 миң сомдон сатабыз. Көпчүлүгү дал ушул аз литраждуу унааны сатып алгысы келгендиктен биз “Дэу Матиз” менне “Дэу Тикону” алып келебиз», — дейт Шарипов.

Аз литраждуу унааларга болгон талаптар алардын баасынын жана тетиктеринин арзандыгы менен, күйүүчү майдын үнөмдүү пайдаланылышы менен түшүндүрүлөт. Айдоочу Жалал Саиткулов шаарда мындай чакан унааларда жүрүү аябай ыңгайлуу деп эсептейт.

«Азыр бизге жумуш жок, өзүбүздүн үй-бүлөбүздү багышыбыз керек да, ошондуктан айдоочу болуп иштейм. Негизинен биз Кореянын унааларын айдайбыз, алардын тетиктери арзан. Мисалы, жапон унаалары жана тетиктери кымбат. Мен өзүм “Хёнде Атос” минем», — дейт ал.

Каракөлдүк Лира Бектенова айдоочунун пикири менен макул экенин айтат.

«Биздин калк өтө бай болбогондуктан мүмкүнчүлүгүнө карап сатып алууда. Алар баасы боюнча арзан жана ыңгайлуу окшойт. Биринчиден, алардын көлөмү кичинекей жана үнөмдүү. Чоң шаарларда мындай унаалардын бар экени жакшы, анткени бурулуп кеткенге оңой», — дейт ал.

Авторлор: Адина Азимканова, Жумагуль Ташболот кызы
Видео: Тилек Бейшеналиев