Беш Швейцариядай: Кыргызстандын картадагы чыныгы өлчөмү канчалык?

Бизге көнүмүш болгон атластарга жана Google Mapsка түшүрүлгөн өлкөлөрдүн өлчөмү так берилген эмес. Анткени карта түз, а Жер тегерек. Kloop.kg Кыргызстандын өлчөмүн башка өлкөлөр жана континенттер менен салыштырып көрдү.

Жерди түз бетке, тактап айтканда картага түшүрүү географтардын негизги максаты болгон. Анткени ал деңизде коопсуз сүзүүгө жардам берген.

Муну фламанд Герард Меркатор ишке ашыра алган - анын Жер проекциясы дээрлик баардык карталарда - мектеп атласынан баштап Google Maps сервисине чейин колдонулат.

Меркатордун проекциясынын өзгөчөлүктөрүнүн бири - туруктуу масштабдын жоктугу: анда өлкө Жер уюлуна канчалык жакын жайгашса, ошончолук чоң көрүнөт:  

Tissot_mercator

Kloop.kg Меркатордун проекциясынын өзгөчөлүгүн эске алып, Кыргызстандын чыныгы өлчөмүн билүүгө аракет жасады. Ал үчүн The True Size сервиси колдонулду.  

Картада чоң муз материги сыяктуу берилген, салыштырмалуу Америка, же болбосо Африканын өлчөмү менен дал келген Гренландия, Борбор Азияда анчалык деңгээлге жетмек эмес:

Greenland_in_CA

Дүйнө боюнча эң ири өлкө - Орусияны экваторго жакындатса, кыйла эле кичиреймек:

Russia_in_CA

Дүйнөнүн эң түндүгүндө жайгашкан, аянты бонча экинчи өлкө — Канада өзүнүн аймагы менен бүтүндөй Борбор Азияны, Пакистанды, Ооганстанды, Иранды, Индияны жана Кытайдын бир бөлүгүн басып калмак. Бул таң калычтуу, ошентсе да мектептеги атластарда берилген өлчөмдөн кыйла кичинекей:

Canada_in_CA

Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев өлкөнү Швейцария менен канча ирет салыштырган. А чындыгында Кыргызстан өзүнө беш Швейцарияны камтымак. Бул өлкө өзүнүн өлчөмү менен Ысык-Көл облусун дагы жаба алмак эмес:

Switzerland_in_Kyrgyzstan

Кыргызстан Скандинавия жарым аралында абдан таасирдүү көрүнмөк - өлкөнүн аянты Финляндиянын аянтынан бир жарым эсеге эле кичине болмок:

Kyrgyzstan_in_Finland

Британия аралдарында дагы Кыргызстан татыктуу орунду ээлемек - анын аянты Улуу Британиянын өзүнөн бир аз гана кичи көрүнмөк:

Kyrgyzstan_in_GB

Эгерде Кыргызстан Түндүк Америкада жайгашса, аны Түштүк Дакота штаты менен салыштырууга болот эле - ал болжол менен Борбор Азия өлкөсүнүн аянты менен барабар:

Kyrgyzstan_in_USA

Республикабыз Гренландиянын түндүгүндө орун алганында абдан чоң болмок:

Kyrgyzstan_in_Greenland