Ош: Төрт паркта бекер вай-фай коюлат

Сентябрь айынан баштап Оштун төрт паркында акысыз вай-фай коюлмакчы — аны орнотуу менен шаардык жаштар комитети алектенүүдө. Жабдыктар үчүн 260 миң сом бөлүнгөн.

Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Суербек Аманиллаев шаардагы маалыматтык технологияларды өнүктүрүү максатында вай-фай орнотулуп жатканын Kloop.kgге билдирди. Айтымында, вай-фай шаардын төрт — Ататүрк, Навои, Жеңиш жана космонавттар паркында орнотулмакчы.

«Мындан сырткары атайын программа түзүүчүлөрдүн клубун ачып, бир жумада эки жолудан семинар, тренингдерди уюштурбыз деп ойлонуп жатабыз. Ошондо баарына жогорку ылдамдыктагы интернет керек болот», — деди Аманиллаев.

Бул орнотулуп жаткан аппаратуралар жөнөкөй эмес экенин да кошумчалады. Анын айтуусунда, бир эле учурда бир аппараттан 300 киши колдонуп, анын антеннасы 4 километрге чейин жетет.

«Бул биз коё турган аппаратура жөнөкөй вай-фай эмес. Бир антеннадан башка да антенна алып кете берсе болот», — деп айтты жаштар комитетинин төрагасы.

Жаштар арасында бул акысыз инернеттин ортулууусун колдогондор арбын. Бирок алардын арасында анын зыян жактарын да айткандар бар. Алардын бири — Кыялбек Куштарбеков.

«Вай-файдан чыккан толкундар адамдын ден-соолугуна зыян деп уккам, бул нерсенин бирден бир зыян жагы ушул деп ойлойм», — деди ал.

Жаштар комитети порнографиялык мүнөзгө ээ болгон сайттарга кирүүгө тыюу салмакчы. Бирок бул тыюу коомдук тармактарга таасир этпейт. Интернеттин ылдамдыгы секундасына 2 мегабайт деп пландалып жатат.

Буга чейин Ош шаардык жаштар комитети Алымбек Датка паркына көчө китепканасын орнотуп, күз айларына карата башка сейил бактарга да орнотушаарын кабарлашкан.

Сүрөт: Дастан Үмөттегин