Афины, Пекин жана Лондон — миллиарддар жумшалган олимпиадалык объекттер азыр кандай абалда

Олимпиада — бул эбегейсиз чоң окуя. Ал спорт сүйүүчүлөрдүн эле эмес, дүйнөнүн бардык бурчунан адамдарды өзүнө тарткан иш-чара. Ар төрт жылда Олимпиада оюндарын өз аймагында өткөрүү үчүн түрдүү континенттерден өлкөлөр өздөрүн сунушташат.

Олимпиаданы өткөрүүнүн чыгашасы көп. Бирок негизги жүйөлөрдүн бири катары Оюндар өзүн-өзү актаары, ал эми олимпиадалык объекттер кийинчерээк дүйнөлүк биринчиликтерди өткөрүү үчүн пайдаланылаары менен түшүндүрүлөт.
Kloop.kgнин редакциясы акыркы Олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн Афины, Пекин жана Лондонодогу объекттер азыр кандай абалда турганы боюнча иликтеп көрдү.

Афины, 2004

Спорттук объекттер Грециянын казынасына 11 миллиард долларга турган.

Адистер дал ошол Олимпиадалык оюндарды өткөрүү Грециянын экономикасына залакасын тийгизип, узакка созулган кризистин себеби болуп калган деп эсептешет.

Олимпиада оюндарынан 12 жыл өткөндөн кийин көпчүлүк объекттер кароосуз калып, эч кандай пайдаланылбай турат.

Эшүүчү слалом трассасы

Athens-1 Athens-2

Сууга секирүү үчүн бассейн

athens-3 Athens-4

Бейсбол стадиону

Athens-5 Athens-6

Көл жээк волейболу үчүн стадион

Athens-7 Athens-8

Суу полосу үчүн бассейн

Athens-9 Athens-10

Чөп үстүндөгү хоккей үчүн стадион

Athens-11 Athens-12


Пекин, 2008

Пекиндеги Олимпиадалык оюндар — тарыхтагы эң кымбаты. Кытай өкмөтү оюндарды өткөрүүгө рекорддук 43 миллиард доллар жумшаган. Күчтүү кытай экономикасына бул сумма көп деле зыян алып келбесе да, оюндар өткөндөн сегиз жылдан кийин учурда көпчүлүк олимпиадалык объекттер кароосуз абалда.

ВМХ үчүн трасса

Beijing-1 Beijing-2

Эшүүчү слалом трассасы

Beijing-3 TO GO WITH AFP STORY BY KATERINA VOUSSOU

Көл жээк волейболу үчүн стадион

Beijing-5 Beijing-6

Эшүүчү канал

Beijing-7 Beijing-8Бейсбол стадиону

Beijing-9 Beijing-10


Лондон, 2012

Лондон олимпиадасына 11 миллиард доллар кеткен. Афины жана Пекинден айырмаланып, олимпиададан кийинки Лондон — Оюндарды өткөргөндөн кийинки шаар кандай болушу керектигин көрсөткөн мисал боло алат.

London-2 London-3

Спорттук объекттердин ордуна үйлөр, унаа токтотуучу жайлар жана сууну жээктей көчөлөр салынган.

London-4 Pekin_ptichyegnezdo

Пекиндеги «Куш уясынан» айырмаланып Лондондогу олимпиадалык стадион учурда жөн эле турган жок. «Вест Хэм Юнайтед» футбол клубу 2013-жылдын 21-мартында стадионду 99 жылга ижарага алып, жылына пайдалануу үчүн 2,5 миллион фунт стерлинг төлөп берет.

Автор: Каминат Имирханова