Сахна артындагы «театр» [+сүрөт]

Жашоонун күзгүсү болгон театр сахнасынын артындагы кыйынчылыктар, артисттердин жашоосу, спектаклдерге даярдыктар тууралуу Kloop.kgнин кабарчылары Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрына барып таанышып келишти.

Кыргыз драма театрында кийинки жылдын жай айларына пландалып жаткан «Күүгүм» спектаклинин даярдыгы жүрүп жаткан учурга күбө болдук. Аталган спектаклдин режиссёру Санкт-Петербург театралдык академиясынын студенти жана Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы Уланмырза Карыпбаев менен маек курдук.

Kyrgyz_Theater (9)

Ал бизге бир спектаклдин жаралышында режиссёр, актёрлор, сүрөтчү-коюучу жана дизайнер эмгектенишээрин айтты. Учурда Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёрлору Гүлайым Каниметова, Турганбүбү Бообекова, Дүйшөнбек Байдөбөтовдор менен биргеликте «Күүгүм» деп аталган даректүү драманын үстүндө иштеп жатышат.

Режиссёр бул спектаклдин эң кызыгы — аткарып жаткан актёрлордун өздөрүнүн азыркы жашоосу чагылдырылгандыгында дейт.

Kyrgyz_Theater (1)

«Биз азыр Юлия Дамскердин пьесасынын негизинде документалдуу драма жазып жаткан учурубуз. Документалдуу драма деген бул эмне? Азыркы учурдагы актрисалардын ичинде эмне кайнап жатат, эмне болуп жатат — ошол жөнүндө спектакль», — деди ал.

Kyrgyz_Theater (6)

Карыпбаевдин айтымында, мындай чындыкты чагылдырган спектаклдер көпчүлүк саясатчыларга жакпайт. «Себеби, чындык кимге жаксын? Адамдардын кадырын тирүүсүндө билиш керек, биз ушуну көргөзгүбүз келди», — дейт ал.

Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актрисасы, кыргыз эл артисти Турганбүбү Бообекова театр — бул мазар дейт.

Kyrgyz_Theater (3)

«Анткени, биз театрда ар кандай адамдардын жашоосун жашап өтөбүз, ыйлайбыз, сүйөбүз, сүйүнөбүз, азаптанабыз, кор болобуз. Ушунун бардыгын сахнадан өткөрүп жатабыз. Бирок, мунун баарын өзүбүз үчүн эмес, ошол жашап жаткан ишибизди, абалыбызды залда отурган адамдардын өзүнө арнайбыз. Алар дагы бизди көрүп жатып, жараларынан айыгып алышын каалайбыз», — деген оюн билдирди Бообекова.

Актёрдук кесиптин өзүнүн маңызын, милдетин, эмне кесип экенин билип туруп иштеп, түйшүктөнүш үчүн билим керек экендигин кошумчалады ал.

Kyrgyz_Theater (10)

«Бүгүнкү күндөгү театрдын эң эле чоң кыйынчылыгы — мамлекеттин көңүл бөлбөгөндүгүндө, керектүү каражатты бөлүп бербегендигинде. Канчалык акчанын тартыштыгынан спектаклдер коюлбаса ошончолук роль аз. Роль аз болуу — бул ишсиз калуу. Андан сырткары айлыктары аябай төмөн, коңшу эле Казахстанда артистердин эң аз айлыгы 300 долларды түзөт. Биздин дипломду жаңы алып келген жаштарыбыз ашып кетсе 4000 сом алат», — дейт ал.

Kyrgyz_Theater (11)

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков театр кызматкерлеринин жумуш шарттары жана айлык акылары боюнча 1-2 жылдын ичинде эч кандай өзгөрүү планда жок экенин айтты.

«Театрлардын бардыгында айлык аз. Президент указ кылгандан кийин Опера жана балет театрыныкы 1,8 коэфициентке көбөйгөн, калган театрлардыкы көбөйө элек. Эмки жылдын бюджетинде айлыкты көбөйтүү пландарда жок», — деди Казаков Kloop.kgге курган маегинде.

Авторлор: Азима Нурбек кызы, Эльнура Тажиева