Костюмдар, маркалар, тыйындар. Көчмөндөр оюндарына карата кандай атрибуттар чыгарылды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу болгон Кыргызстан иш чарага арналган көптөгөн атрибуттарды даярдады. Kloop.kgнин редакциясы боло турган мелдештин өзгөчө белгилерин чогултту.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Олимпиада оюндарынын азиялык аналогуна айланды. Быйыл ал 3-8-сентябрда Ысык-Көл жээгинде экинчи жолу өткөрүлөт. Кыргызстандын туризм департаменти билдиргендей, мелдешке катышууга дүйнөнүн 35 өлкөсү жолдомо алды.  

Уюштуруучулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын символдоштурган тематикалык атрибуттарды даярдоону колго алышкан. Алар туристтердин кызыгуусун арттырып, эсте сакталат.

Кийимдер

Кыргызстандык спортчулардын, машыктыруучулардын, калыстар тобунун жана ыктыярчылардын азем кийими менен Жумагүл Сариеванын «Чапан» студиясы алектенген. Дизайнер өзүнүн коллекциясынын бет ачарын 9-августта өткөрдү.

Кийимдер көчмөндөрдүн жашоо-турмушун символдоштурган, пахта кездемесинен тигилген чапандардын улуттук колорити менен айырмаланды. Өзгөчө түс жана орнаменттер менен Сариева түздөн-түз катышуучуларды белгиледи — күлгүн өң аксакалдарга, кызыл машыктыруучуларга, көгүлтүр жана сары өңдөр спортчулардын өздөрүнө арналган.

Paradnaya-odezhda

Андан тышкары, уюштуруучулар 2,7 миллион сомду түзгөн сынак жарыялашкан. Анын жыйынтыгында кыргыз оюлары түшүрүлгөн көлөмдүү көйнөктөр, шымдар жана булгарыдан жасалган өтүктөр тигилген. 

1470733327_vniz-shirina

Спорттук кийимди тигүүнү «Баракат» компаниясы өз милдетине алган, кошумчалай кетчү нерсе, Кыргызстандын курама командасынын олимпиадалык формасын дагы ушул компания даярдаган. Анда кийимдер желектин өңдөрү менен берилген — спортчулар үчүн кызыл, ал эми ыктыярчылар үчүн сары өң тандалган.

Көчмөндөр оюнуна карата кийимдер

liniya-odezhdy-igr-kochevnikov1-450x390Кыргызстандык оюнчулардын спорттук кийими боюнча адистешкен Bigser Sport компаниясы, «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» аталыштагы кийимдердин топтомун тартуулады.  

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» спорттук кийимдердин бет ачары 2016-жылы 21-мартта болуп өткөн. Андан кийин 1-апрелден баштап сунушталган кийимдердин бары өлкөнүн региондоруна таратылган жана Bigser Sport компаниясынын чет жердеги дүкөндөрүнө да жайылтылган.

Компаниянын маалыматына ылайык, чыгарылган сызыктын негизги идеясы — Кыргызстанда спорт менен маданиятты өнүктүрүү жана «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» брендин дүйнөгө таркатуу болгон.

Тыйындар

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 9-августта жаңы коллекциялык тыйындарды сунуштады. Алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгына арналган жана «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» тыйындары.

1028454816

Жалпысынан Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата эки миң күмүш тыйын даярдалып, алардын бары күмүштүн 925-пробасынан 10 сомдук нарк менен жасалган.

Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, тыйындар колдонууга августтун аягында берилиши күтүлүүдө.

Маркалар

Көчмөндөр оюндарына карата 50, 100, 150 сом номиналындагы почта маркасы иштелген. Иш чарага карата KEP (Kyrgyz Eхpress Post) сериясындагы почта маркалары айлантууга киргизилген.

Marka-1-450x275

Маркалар спорттун үч түрүнө арналган — аларда атчандардын күрөшү – эр–эңиш, ат үстүндө жаа атуу жана өрт жылымдаган чабандестин элеси түшүрүлгөн.

216 миң даананы түзгөн маркалардын автору — сүрөтчү Виталий Погольша. Маркалар Kyrgyz Eхpress Postтун почта бөлүмдөрүнө 8-августтан баштап сатыкка коюлду. Алар Дүйнөлүк почта биримдигинин өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн каттарга жана карталарга төлөм катары колдонулат.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» эстелик буюмдары жана тиркемелер

«Дүйнөлү көчмөндөр оюндарынын» уюштуруучулары тарабынан эстелик буюмдарынын сериясы чыгарылган. Аларды «Айчүрөк» соода борборунан сатып алса болот. Тематикалык эстелик буюмдарын сатууга телефондор үчүн атайын тиркеме иштелип чыккан. Аны Play Marketтен жүктөп алууга болот.

umbrella-worldnomadgames-2016-red-3-400x400

Көчмөндөр оюнунун уюштуруучулар катчылыгынын кызматкери Динара Бексултанованын айтымында, тиркеме Кыргызстандын аймагында гана  эмес, чет өлкөдө да жеткиликтүү.

«Эстелик буюмдарын сатууга, номерлерди жана орундарды ээлөө, командалар тууралуу маалыматтарды издөө жана башка иш-чарага байланыштуу нерселер үчүн атайын тиркеме иштелип чыккан. Ал жеткиликтүү жана анын жардамы менен эстелик буюмдарынын бүтүндөй ассортиментин карап чыгып, Бишкектин дүкөндөрүнөн сатып алууга болот. Мисалы, ЦУМдан», — деди ал.