Фотограф Тимур Райымкулов өзгөчөлөнгөн табигый көрүнүштү, 13-августка караган түндөгү жылдыздуу жаанды, сүрөткө түшүрдү.

Баяндоо фотограф гифтин автору Тимур Райымкуловдун атынан жүрөт.

Биз жумуштап Ысык-Көлдүн түштүк жээгине барганбыз. Ошондо биздин акыркы бара турган жерибиз Жети-Өгүзгө туш келди. Бейшемби күн болчу, конок үйүнө келип «Фэйсбукта» олтурсам, «Спутниктен» кимдир бирөө 11-августта жылдыз учат деген жазууну бөлүшүп калды. Бирок 11-августта эч нерсе болгон жок, а жума күнү кесиптешим менен Жети-Өгүзгө Барскоон аркылуу барышыбыз керек болчу.

Жол бою жылдыздардын учканын сүрөткө тартып алышыбыз керек деп анын кулагын жеп бардым. Макалага ылайык, синоптиктер Кыргызстанда аба булуттуу болоорун айтышкан экен. А мен ичимде үмүт артып, барыбир колубуздан келет деп Көк-Жайык жайлоосуна бийигирээк чыгып, ошол жерде боз үйдө түнөйбүз деп чечтик.

Биз кечки саат 10до жеттик. Асманды булут каптап турган, анан мен бир сааттай асманды карап турдум. Саат 11де кечки тамагыбызды жеп, кичине уктап алалы дедик. Мен саатты түнкү бирге коюп, бирок ошол саатта турган жокмун. Уктап жатып оюмда жылдыздардын учканын уруп ойнобой, уктайм деп катуу чечим кабыл алдым. Бирок кийин эстешимче, уктап жатканымда ичимде бир добуш «Тима, тур, сыртта эмне болуп жатканын кара» деп айтып жатты. Абийиримдин таза калышы үчүн туруп чыктым... А сыртта болсо мына ушундай сулуулук!