Рио-2016дагы онунчу күн: Багам аралдарынан «Алтын балык» жана велотректеги бейбаштык

Багамалык жөө жарышчы алтындын артынан «чүмкүдү», белорус чемпиону телефонун 10 миллион долларга сатыкка койду, велотректе кантип атаандаштан арылуу керек. Одимпиада оюндарындагы 10-күндүн окуялары.

Жалпы медалдык эсеп өзгөрүүсүз. Биринчи орунда — АКШ, экинчи — Улуу Британия, үчүнчү — Кытай.

20160816_182341

Түштүк африкалык (ТАР) жөө жарышчы 400 метр аралыктагы рекордду багындырды. ТАР курама командасынын мүчөсү Уэйд ван Никерк алтын байгени багындырып, жаңы дүйнөлүк рекордду койду— 43,03 секунд.

Athletics - Men's 400m Final

Ага чейинки рекорд — 43,18 секундду түзгөн. Аны 1999-жылы августта америкалык Майкл Джонсон орноткон.

«Мен анын дүйнөлүк рекордду багындырарын машыгунун жүрүшүндө эле алдын ала айткам. Ал абдан ылдам. Мен ишенем, бул анын карьерасындагы жакшы көрсөткүч эмес», — деди ван Никерк жөнүндө Олимпиада чемпиону Усэйн Болт.

«Алтын балык» Шона Миллер. Багамалык жөө жарышчы 400 метр аралыктагы жарышта марага «чүмкүп» кирип, алтынга татыктуу болду.

Bez-nazvaniya-2

Шона бүтүндөй жарыштын жүрүшүндө биринчиликти эч кимге бербей келген, бирок марага жакындаганда аны америкалык Эллисон Феликс кууп жете баштаган. Жеңишин колдон чыгарбаганга аракет кылган Шона мара сызыгынан балыктай чүмкүп кеткен. Анын бул аракети жеңиш катары бааланды.

Велотректеги байбаштык. Британиялык Марк Кэвендиш жарыш учурунда атаандаштарынын бирин жолдон чыгарууга аракет кылган.

 

Египеттик дзюдочуну аттандашы менен кол алышпаганы үчүн үйүнө жөнөтүштү. Эл аралык олимпиада комитети египеттик олимпиада делегациясынын чечими менен дзюдочу Ислам Эль-Шахабини Риодон үйүнө узатышарын билдирди.

252168

Чечим Эль-Шахаби менен израилдик Ор Сассондун беттешүүсү аяктаганда чыккан жаңдалдан кийин кабыл алынган. Анда египеттик спортчу атаандашы менен кол алышуудан баш тарткан, ал болгону башын ийкеп койгон.

Белорус батут чемпиону оюндан белекке алган телефонун сатууну чечти. Өнөктөштүк келишими боюнча Samsung компаниясы «Galaxy S7 edge Olympic Games Edition» моделинин атайын чыгарылыштагы 12 миң смартфонду Риодогу Олимпиада оюндарынын спортчуларына белек кылган.

Bez-nazvaniya-3

Батут менен секирүү мелдешинин чемпиону Владислав Гончаров, смартфонду 10 миллион долларга (20 миллион белорус рубли) сата турганын baraholka.onliner.by сайтына жарыялаган. Мындай баанын себеби, телефон Samsungдун лимиттелген сериясынан, ал атайын Риодогу Олимпиада оюндарына арналып чыгарылган. Кийинчерек кулактандыруу сайттан алынган.

Күндүн сүрөтү: Академиялык кайыкта сүзүү боюнча румын аялдар экипажынын жол башчысы

Bez-nazvaniya-4

Күндүн видеосу: Шар ыргытуу мелдеши үчүн талаада иштеген кооптуу